Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

Нобель сыйлыгынын лауреаты Берта фон Зуттнердин жарманкеси өтөт


Бүгүн Бишкекте Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академияда австриялык Нобель сыйлыгынын лауреаты Берта фон Зуттнерге арналган атайын жарманке өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Иш-чарага Австриянын Кыргызстандагы элчиси Урсула Фрингер, Дипломатиялык академиянын ректору Жумагул Сааданбеков катышат.

1843-жылы туулган австриялык Берта фон Зуттнер “Тынчтык үчүн” Нобель сыйлыгын алган эң алгачкы аял. 1905-жылы ал зомбулук, согуш жана куугунтукка каршы талыкпаган күрөшү үчүн Нобель сыйлыгына арзыган. Анын “Курал-жарак – кетсин!” аттуу атактуу китеби каардуу согушка каршы багытталган. Ал өз өмүрүн бейпил коом курууга арнап, пацифисстер кыймылынын көрүнүктүү өкүлүнө айланган. (IJz)

XS
SM
MD
LG