Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:19

Кытай Азиядагы коопсуздуктун жаңы консепциясы керек дейт


Кытай президенти Ху Цзянтао Азиядагы коопсуздуктун жаңы консепциясын иштеп чыгууга чакырды. Ал Кытайдын Хайнан аралындагы Боао Азия форумунда сүйлөп, жаңы консепция өз ара ишенимге, тең укуктуулукка жана макулдашып иш жүргүзүүгө негизделиш керек экенин айтты. Ху ошондой эле диалог жана координация мамлекеттер араасындагы түрдүү пикирлерди жалпылап, бир бүтүмгө келүүнү мүмкүн кыларын баса белгиледи. Боао жыйыны мааниси боюнча Азиянын Давос форуму деп аталып келет.

Быйылкы жыйынга региондогу 40 өлкөнүн өкмөт башчылары, ишкерлери, адистери жана илимпоздору катышууда.

XS
SM
MD
LG