Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Кинорежиссер Нурбек Эген АКШда чыгармачыл жолугушууларды өткөрүүдө


Бул жолугушуулар кыргыз маданиятын чет өлкөлөргө таанытуу максатында АКШ жана Канададагы Кыргызстандын элчилиги жана кыргыздардын “Кыргыз Клаб” биримдиги тарабынан колдоого алынууда. Кинорежиссер Нурбек Эгендин америкадагы кыргыз жарандары жана кино күйөрмандары менен алгачкы жолугушуусу 15-апрелде Вашингтон шаарында болду. Ушундай эле жолугушуулар Нью-Йорк шаарындагы “Астория” ресторанында 16-апрелдин кечинде өткөрүлмөкчү. Чыгармачыл кечелерде режиссердун соңку тарткан “Манастын төрөлүшүн утурлап” аттуу фильми көрсөтүлүп жатат.

Нурбек Эген 2005-жылы тартылган “Аталар керээзи” фильминин режиссеру катары таанымал. Аталган фильм бир катар эл аралык сыйлыктардын ээси болгон. (KKs)

XS
SM
MD
LG