Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:50

Сирияда чукул кырдаал мыйзамы жоюлат


Сирияда 1963-жылдан бери иштеп келаткан чукул кырдаал мыйзамы жакынкы жумаларда алынып салышы мүмкүн. Бул тууралуу президент Башар Асад кечээ жаңы өкмөткө кайрылуу жасап жатып айтты. Министрлер үстүбүздөгү аптада реформаларды талап кылган демонстрациялар күчөгөндө алмаштырылган.
Мамлекет башчы бир айдан бери уланып келаткан демонстрацияларда 200дөй кишинин өмүрү кыйлыганына өкүнүчүн билдирип, улуттук диалогго үндөдү. Асад элди көчөлөргө чыгууга мажбур кылган социалдык маселелер – жумушсуздук, коррупция, айыл-чарба тармагындагы проблемаларга токтолду.
15-апрелде жума намазынан кийин Сириянын булуң-бурчунда реформачыл күчтөр митинг-демонстрацияларды өткөрүшкөн. Чукул кырдаал режимин алып салуу алардын талаптарынын бири эле.

XS
SM
MD
LG