Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Жалал-Абадда июнь окуясында жабыркагандар митингге чыкты


"Азаттыктын" аймактагы кабарчысынын айтымында, Жалал-Абад облусунда июнь окуясында жабыркагандар жана “Санпа” пахта заводунун жанында киши колдуу болгондордун жакындары болуп 50-60 адам облустук администрациянын алдына митингге чыкты. Алар бийликке июнь коогасында майып болгондорго социалдык колдоо көрсөтүлсүн, курман болгондорго 7-апрелде окко учкандардай макам жана Эл баатыры наамы берилсин, “Санпада” каза болгондорго эстелик тургузулсун, дайынсыз жоголгондор табылсын, компенсация төлөнсүн жана окуяга шектелип, бирок качып жүргөндөр кармалып, жазалансын деген сыяктуу беш талап коюшту.
Митингге чыккандар менен облустун гебернаторунун орун басары Жумагүл Эгембердиева жолугушуп, компенсация төлөө маселесин Каржы министри чечиши керектигин, эстелик тургузууга мамлекет да каражат бөлүшү зарылдыгын, Баатыр наамын берүүнү Жогорку Кеңеш чечерин билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG