Балдар укугун коргоочулар лигасынан билдиришкендей, Бүгүн Чүйдөгү Маевка айылында мындан толук бир жыл мурунку кандуу окуя тынч жүрүш менен эскерилет. Тынчтыктын символу катары кептерлер учурулат. 2010-жылы 19-апрелде Маевка айылында үлүш жерди басып алгандар менен жер ээлеринин ортосунда талаш чыккан. Беш адам өлүп 40тай адам жаракат алган. Онго жакын үй өрттөлгөн болчу. (EBM)