Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:25

“Ата-Мекен” Бажы биримдигине кирүүгө шашпоого чакырды


Бүгүн парламенттеги оппозициялык “Ата-Мекен” фракциясы жыйын куруп, Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулушу боюнча маселени карады. Фракциянын мүчөсү Жоомарт Сапарбаев “Азаттыкка” жыйында биримдикке кирердин алдында мунун оң жана терс жактарын жакшылап талдоо керек деген чечим кабыл алынганын айтты. Эгерде иликтебей кирип алса өлкө экономикасына жана жарандарга чоң залакасын тийгизиши мүмкүн, дейт Сапарбаев.

Адистердин билдиришинче, Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе Кытайдан товарларды реэкспорттоо азаят. Чет өлкөдөн келген товарларлардын, анын ичинде унаанын баасы кымбаттайт. Бажы биримдигине кошулууну жактагандардын айтымында, биримдикке кирүү менен четтеги мигранттардын бир топ маселеси чечилет.

11-апрелде кыргыз өкмөтү Бажы биримдигине кошулуу чечимин кабыл алган. Бажы союзуна азыр Орусия, Казактан жана Беларус мүчө. (EBM)

XS
SM
MD
LG