Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:02

Жогорку Кеңеш КТРКнын ишмердүүлүгүн талкууга алды


Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши тууралуу жетекчи Кубат Оторбаев депутаттардын суроолоруна жооп берди. Анда Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков канал саясатка көп убакыт бөлгөнүн сынга алып, башка темаларга да көңүл бурууга чакырды. Ошондой эле парламенттин ишмердүүлүгү толук чагылдырылбай жатканын белгиледи. Бир катар депутаттар материалдарды бейтарап берүүгө үндөштү. Өз кезегинде каналдын жетекчиси Кубат Оторбаев КТРК коомдогу окуяларды жетиштүү деңгээлде чагылдырып жатканын, депутаттардын айткандары да эске алынаарын билдирди. (KKs)

XS
SM
MD
LG