Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

МакКейн ливиялык козголоңчуларды колдоого чакырды


АКШ Сенатору Жон МакКейн Ливиянын чыгышындагы Бенгази шаарына анти-каддафичил козголоңчулар менен кездешти. Сенатор эрегишчилердин кол астындагы шаарда адаватчыларды “менин баатырларым” деп атаганы маалымдалды.

МакКейн Бенгазиде мурдакыдай эле Кошмо Штаттар Каддафиге каршы согушка кошулуусу керек экенин кайталап, НАТО альянсында жетерлик согуштук кубаты жок экенин айтты:

- Алар(адаватчылар) көп жардамга муктаж. Алар авиаколдоого муктаж. Кошмо Штаттарда уникалдуу мүмкүнчүлүгү бар, биз аны калыбына келтиришибиз керек. Алар (козголоңчулар) өздөрүн (эл аралык коомчулук) тааныганыны каалашат.

МакКейн февралдын ортосунда Муаммар Каддафинин бийлигине каршы эл көтөрүлгөндөн бери эрегишчилердин ээлигиндеги Ливиянын чыгышына келген биринчи мартабалуу АКШ саясатчысы. АКШ Коргоо министри Роберт Гейтс бейшемби күнү Кошмо Штаттар Каддафинин аскерлерине сокку уруу үчүн Ливияга пилотсуз учактарды жөнөтөрүн билдирген.

АКШ Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабынын акими, адмирал Майк Муллендин бүгүн билдиришинче, НАТОнун аиачабуулдары Каддафинин кургактагы аскерлеринин кубатын 30-40 процентке төмөндөткөн. Муллендин Ирактагы сапары учурунда айтышынча, Ливиядагы чатак “туңгуйукту көздөй жылууда”.

БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун Ливия өкмөтүн согушту жана “элди өлтүрүүнү” токтотууга чакырды. Пан мындай билдирүүнү жума күнү Москвадагы визити маалында жасады.

XS
SM
MD
LG