Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:35

Ливияда Каддафинин армиясы Мисурата шаарынан кетүүгө буйрук алган


Рейтер агенттиги кабарлагандай, бул тууралуу Каддафи армиясынын козголоңчулар туткундаган жоокери билдирип, буйрук кечээ түшкөндүгүн айткан. Мисурата - ливиялык козголоңчулардын өлкө батышындагы жалгыз таяныч бекети. Дээрлик эки айдан бери Каддафинин күчтөрүнүн курчоосунда калган шаарды аткылоодон жана көчө уруштарынан жүздөгөн киши каза тапты деп эсептелинүүдө. Эл аралык уюмдардын айтымында, шаар гуманитардык кризистин босогосунда турат.

Ливия бийликтери кечээ кечинде борбор Триполиде НАТОнун аба соккусунан үч киши каза тапканын маалымдашты. Снаряддардын бири Каддафинин резиденциясынан алыс эмес жерге түшкөн. НАТО бул маалыматты комментарийлей элек. АКШ, Британия, Франциянын лидерлери абадан жүргүзүлүп жаткан аскерий операцияны Каддафи бийликтен кетмейинче токтотпой турганын билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG