Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

БУУ Кыргызстандагы баңги трафигин бөгөттөөгө көмөктөшөт


Баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын ишин жакшыртууга багытталган жаңы долбоорго Бириккен Улуттар Уюму колдоо көрсөтө турган болду. Бул тууралуу аталган мамлекеттик кызматтын басма сөз борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, 25-апрелде Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын орун басары, Баңги зат жана кылмыштуулук боюнча БУУнун башкармалыгынын аткаруучу директору Юрий Федотов Кыргызстанга келип, бул долбоорго кол коюлмакчы. Долбоорго ылайык, БУУ Кыргызстандын Баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча кызматына, ар кыл окуу курстарын ачуу, атайын каражаттарды сатып алуу багытында жардам көрсөтөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG