Индиянын эң урматтуу рухий лидерлеринин бири Сатья Саи Баба 85 жаш курагында ооруканада жүрөк дартынан улам каза тапты. Дүйнөдө миллиондогон адамдар өзүлөрүн анын жолун жолдоочусу катары эсептешет. Алардын арасында Индиянын мурдагы премьер-министрлери, саясатчылары, ишкерлери жана Боливуддун жылдыздары да бар болчу. Анын уюму мектептерди, ооруканаларды каржылап келген. Бирок Саид Баба айыптоолорго да кабылган. Анын сыйкырларын карандай эле көз бойомочулук деп эсептегендер, Саи Бабаны жана анын жамаатын сексуалдык ыдык көргөзүү менен алектенет деп айыптагандар да болгон. Саи Бабаны кичи мекени – Путтапарти шаарында акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө жүз миңдеген адамдар катышары күтүлүүдө.