Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Аламүдүн базарынын сатуучулары миттингге чыкты


Алар убагында жаңы контейлер курулат деп 1300 доллардан алган Аламүдүн базарынын жетекчиси Рысбек Мааткабыловго нааразы болушууда. Ак үй алдына чогулган 50 чакты адам эми 1300 доллардын үстүнө базар жетекчилиги дагы 3 миң доллар төлөө талабын коюп жатканын айтышууда. “Мурдагы берген акчаны бер, иштебейбиз десек аны да бербей атышат. Жалпысынан 160тай адам 1300 доллардан төлөгөнбүз”, – дешет митингчилер.

Ал эми аталган базардын өкүлү Бакыт Сулайманбеков “Азаттыкка” алардын дооматтары негизсиз экенин билдирүүдө. Анын айтымында, сатуучулар 3 миң долларды бөлүп төлөөгө макул болбой жатышат. Ошондой эле контейнерди алгандан кийин башка бирөөгө сатууга болбойт деген талапка көнбөй турушат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG