Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Депутаттар Казакстанда кыргыз мигранттары менен жолугушат


Эртең, 26-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков баштаган депутаттык делегация расмий иш сапары менен Казакстанга барат. Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, үч күнгө созулган сапар учурунда депутаттар Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев баштаган мамлекет жетекчилери менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы алаканы арттыруу багытында пикир алмашат. Ошондой эле Кыргызстандан барган деелгация 27-28-апрелде Астана шаарында өтө турган Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) II пленардык жыйынына катышат. Мындан сырткары депутаттар Астана шаарында эмгектенип жаткан кыргызстандык мигранттар менен жолугуп, ал-жайы менен таанышмакчы. (КЕ)

XS
SM
MD
LG