Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Кыргызстанда 3 миңден ашуун айыпкерге мунапыс берилет


Бүгүн Жогорку Кеңештин Сот, укук маселелери боюнча комитети Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутат Каныбек Иманалиев кабарлады. Анын айтымында, учурда түрмөдө 14 435 адам болсо, мыйзам долбоорго ылайык, алардын 3470 адамына мунапыс берилет. Алардын 95и жашы жете элек балдар, 64ү 55 жаштан өткөн аялдар жана эркектер. Мунапыс берилчүлөргө кош бойлуу аялдар, майыптар да кирет. Мындан сырткары аскерден, абактан качкан, кызмат кылган жерин өз эрки менен таштап кеткен адамдар мыйзам күчүнө киргенден кийин үч ай ичинде качкан жайларына кайтып келсе кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Мунапыс оор кылмыш кылган, уюшма кылмыш топтун мүчөлөрүнө, экиден көп жолу түрмөгө түшкөн жана абак жайларда тартип бузган 3200дөн ашуун адамга берилбейт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG