Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:31

Сириянын Дараа шаарына танктар киргенде 25 кишинин өмүрү кыйылганы кабарланууда


Нааразылык акцияларын басуу аракети күч алган маалда, Сириянын армиясы кечээ өлкөнүн түштүгүндөгү Дараа шаарына танктарды киргизди. Активисттер аз дегенде 25 киши окко учкандыгын билдиришти. Сириянын мамлекеттик сыналгысы армия өкүлүнө шилтеме берип, аскерлер Дараага шаар тургундарынын «экстремисттик террор топторун» жок кылуу талабы менен киргизилгенин маалымдады. Күбөлөр баш калаа Дамаскинин чет жакаларында да армия чабуулга өткөндүгүн айтышууда.

XS
SM
MD
LG