Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:01

А.Келдибеков депутаттардын курал алып жүрүүсүнө уруксат берүү демилгесин көтөрүүдө


Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин (ЖК) Регламент жана мамлекеттик кызматкерлердин этикасы боюнча комитетинин төрага орун басары Эгемберди Эрматовдун бүгүн “Азаттыкка” айтымында, “Депутаттардын макамы жөнүндө” мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү демилгесин парламенттин төрагасы Акматбек Келдибеков көтөрүүдө. Мыйзамга ылайык, депутаттын өмүрүнө коркунуч келе тургандай өзгөчө кырдаал түзүлсө атайын арыз менен Жогорку Кеңештин төрагасына (спикерге) кайрылат. Курал алып жүрүүгө уруксатты да төрага берет.

Бул маселе 25-апрелде аталган комитетте кворум жоктугунан улам каралбай калган эле. Эскерте кетсек, 1-апрелде ЖК имаратында “Республика” фракциясынан депутат Алтынбек Сулайманов менен “Ата-Журт” фракция лидери Камчыбек Ташиев мушташа кеткен. Ошондон кийин УКМК кызматкерлери депутаттарды жана алардын жардамчыларын текшерип, 10 тапанча жана Калашников үлгүсүндөгү автомат табышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG