Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Ооганстан: Абдулла оппозицияга кетти


Ооган оппозициясынын ана башы Абдулла Абдулланын пикиринче, Хамид Карзай мыйзамсыз түрдө президент деп жарыяланды.

Абдулла кайра шайлоого катышуудан баш тартканга байланыштуу Ооганстандын БШКсы 2-ноябрда Хамид Карзай президент деп тааныган. Ага удаа эле маалымат булактары Абдулланын бийликти бөлүшүү боюнча Карзай менен сүйлөшүүсү ийгиликсиз бүткөнүн кабарлашкан.

Шайлоонун экинчи айлампасына катышуудан баш тарткан Абдулла Абдулла кабарчылардын суроолоруна жооп берүүдө. Кабыл. 4-ноябрь 2009
Абдулла Абдулла шаршемби күнү Кабылдагы үйүндө кабарчылар менен өткөн кездешүүдө Хамид Карзайдын президент шайлануусуна карата суроого мындай жооп берди:

- Мындай мыйзамсыз чечим тууган өкмөт өз милдетин аткара албайт.

Абдулла кайра шайлоого катышпасын билдирген соң, Ооганстандын көз карандысыз шайлоо комиссиясы 2-ноябрда Хамид Карзайды дагы беш жылга президент деп жарыялаган.

БШКнын мындай чечимин да Абдулла “мыйзамсыздык” деп атады.

Хамид Карзай шайлоонун биринчи айлампасында 49 процент добуш, Абдулла 30 проценттен көбүрөөк добуш алган эле.

Көпчүлүк серепчилер 7-ноябрга белгиленген кайра шайлоодо эл негизинен президент Карзайды колдойт деп боолгоп жатышкан.

Кээ бир талдоочулар Карзай жаңы өкмөттө Абдулла каалаган маанилүү кызматты бербей койгондон кийин, ал жарышка түшпөй койду деп боолгошот.

Абдулла бир жылдары өлкөнүн тышкы иштер министрлигин жетектеген.

Абдулланын айтымында, мыйзамсыз өкмөттүн - Карзайдын берген убадасына карабай жемсөөлүккө каршы чечкиндүү чара көрүүгө кудурети жетпейт:

-Бул чечим (Карзайды президент деп жарыялоо) мыйзамсыз. Мыйзамсыз негизде түзүлгөн өкмөт өлкөдө мыйзамдуулукту камсыздай албайт жана бийликтеги жемсөөлүккө каршы күрөшүүгө жарабайт.

“Вашингтон Пост” гезити 4-ноябрдагы санында Абдулла шайлоодон чыкканын жарыялагандан бир нече саат мурда экс-президент Бурхануддин Рабани башындагы анын сүрөөнчүлөрү бийликти бөлүшүү жөнүндө Карзай менен сүйлөшкөнүн, бирок Карзай Абдулланын командасынын талабына көнбөгөнүн жазды.

Абдулланын 4-ноябрда кабарчыларга айтканына караганда, ал эми оппозициялык кыймылды жетектейт:

- Бул элдик кыймыл мыйзамдуулукту орнотот, өкмөттүн ишине көз салат, ачык-айкындыкка түртөт жана бийликти жоопкерчиликке жана жалпы эл үчүн кызмат кылууга үйрөтөт. Бул улуттун биримдигин бекемдейт.

Бир күн илгери, 3-октябрда Карзай жаңы өкмөттү түзөөрүн билдирген.

Абдулла шаршемби күнү Кабылдагы үйүндө өткөргөн маалымат жыйынында: "Мени Карзайдын жаңы өкмөтү кызыктырбайт. Менин өз максатым бар: Коомду өзгөртүү", - деди кабарчыларга.

XS
SM
MD
LG