Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Белорус поляктарын куугунтуктоо ЕБда талкууланат


Швециянын тышкы иштер министри Карл Бильдт Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикрорский менен маектешүүдө. Брюссель, 17-ноябрь 2009
Швециянын тышкы иштер министри Карл Бильдт Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикрорский менен маектешүүдө. Брюссель, 17-ноябрь 2009

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Брюсселде 22-февралда ачылган жыйында Белорустагы жана Украинадагы кырдаалды да талкуулашат.

Белорустагы жергиликтүү поляктарды куугунтуктоо маселеси жыйындын күн тартибине акыркы сааттарда Польшанын демилгеси менен киргизилди.

Өткөн аптада “Белорустагы поляктар биримдиги” уюмунун ондогон мүчөлөрү баш калаа Минскден 75 чакырым жердеги Воложин шаарындагы Поляк маданий борборунун сотуна катышуу үчүн баратканда камакка алынган. Маданий борборду мурдараак бийликтер жаап салган. Поляктар уюмунун лидери Анжела Бориске 300 доллар айып салынып, кийин койо берилген. Белорустун он миллион калкынын 400 миң чамалуусу этникалык поляктар.
Белорустагы поляктар союзунун мүчөсү Тереза Собол адвокаты экөө соттон соү үйлөрүнө баратышат. Воложин шаары, 15-февраль 2010


Польша Евробиримдикке жөнөткөн катында Белорустун Биримдик менен карым-катнашты жакшыртуу боюнча өзүнө алган милдеттенмесин чын ыкластан аткараарынан күмөн санаганын белгилейт. Ошондой эле Минскинин поляктарды куугунтуктоосу Биримдик-Белорус арасындагы мамиленин болочогуна кандай таасир этерин кылдат талдап көрүүнү сурайт.

Өткөн жумада Биримдиктин Тышкы саясат боюнча Жогорку өкүлү Катерин Эштон айым Минскиге өлкөнүн Брюссел менен болгон байланышы тобокелге салынып жатканын эскерткен. Биримдик мурдараак Белорус лидерлерине каршы киргизилген визалык чектөөлөрдү алып салган жана өлкөнү Чыгыш Европа кызматташтык долбооруна кошкон. Өз кезегинде Белорус айрым демократиялык реформаларды жүргүзүүгө макулдук берген.

Евробиримдиктин көпчүлүк мүчөлөрү Белорусту Россиянын коркунучу жолундагы буфер же коопсуздук тилкеси катары көрөт. Брюссел ушундан улам Белорус менен байланышын бекемдөөгө астейдил, дешет серепчилер.

Брюсселде Украинадагы жаңы саясый жагдай да талкууланат. Биримдик украиндердин жаңы шайланган президенти Виктор Янукович менен тыкыс иштешүүнү каалайт. Себеби, Евробиримдик килейген Украинадагы экономикалык кырдаал кайда барат деп чочуйт жана Киев кризистик абалдагы экономикасын реформалоо боюнча Эл аралык валюта фонду менен сүйлөшүүнү тез улантса деген үмүттө. Биримдик өзү да Киевге жардамдашуу максатында 6 миллиард долларлык көмөктөшүү программасын иштеп чыккан. Ал жардамды алуу үчүн Украин өкмөтү экономиканын маанилүү тармактарын реформалоонун кыска мөөнөттүк планын иштеп чыгууга жана 2010-жылдын реалдуу бюджетин кабыл алууга тийиш. Бул маселелер президент Янкуович 25-февралда бийликке ырасмий түрдө отургандан кийин Брюсселге барганда да талкууланат, деп болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG