Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

"Чыгыш өнөктөштүгүнөн" майнап чыгабы?


Белгия -- Еврошаркеттин тышкы иштер министри Кэтрин Эштон жана Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт,еврокомиссар Оли Рен Брюсселдеги маалымат жыйынын өткөрүп жатышат.
Белгия -- Еврошаркеттин тышкы иштер министри Кэтрин Эштон жана Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт,еврокомиссар Оли Рен Брюсселдеги маалымат жыйынын өткөрүп жатышат.

Брюсселде Еврошаркеттин тышкы иштер министрлери "Чыгыш өнөктөштүк" программасына тартылган алты өлкөнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, кызматташтыктын келечектеги кадамдарын талкуулашты. Кабыл алынган документтерде саясий интеграция тууралуу сөздөр айтылган жок.

"Чыгыштагы өнөктөштүк" программасы быйыл майда Прагада чоң дарбаан менен жарыяланып, ага экс-советтик алты өлкө - Азербайжан, Армения, Белоруссия, Грузия, Молдова менен Украина кошулган.

Кечээ Брюсселдеги жыйында талкуулоо үчүн даярдалган документтерде негизинен кызматташтыктын практикалык өңүттөрүнө, айрыкча өнөктөш алты өлкөнүн кризистен кыйгас жапа тарткан экономикасын стабилдештирүү маселесине басым жасалган. Мындан тышкары виза эрежелерин жеңилдетүү, финансы мекемелерин чыңдоо чаралары каралган.

Алты өлкө еврошаркеттегилер менен эки чөйрөдө - эркин соода жана визасыз карым-катнаш тармагында узак мөөнөттүү максаттарга үмүт кыла алат. Эркин соода көп жагынан алардын өзүндөгү экономикалык реформаларга жараша болот, ал эми визасыз келим-кетим андан да алыскы иш бойдон калат.

Евросоюз ошентсе да алты өлкөгө азыркы өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндөгү келишимдин ордуна мунун жаңы түрүн - "ассоциациялар" келишимин сунуш кылууну көздөп жатат. Бирок буга да алардын баары эле шайма-шай эмес. Мисалы,эмдиги жылы Украина менен ушундай документке кол коюу кыязы бар, бирок бул өлкөдөгү саясий жагдайга, президенттик шайлоо кандай өтөрүнө жараша болот. Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу өткөн аптада Киевде келечекте "Европага кошулуу мүдөөсүндө алга илгерилөө үчүн Украинага жоопкерчиликтүү башкаруу керектигин" атайын баса белгилеп көрсөттү.

Еврошаркетке ушу тушта төрагалык кылып жаткан Швециянын премьер-министри Фредрик Рейнфелдт орус газын Европага тоскоолдуксуз өткөрүү жагынан да Брюсселдин Киевге койо турган дооматы бар экенин жашырбады. "Европалык керектөөчүлөрдүн энергияга байланышкан чатактарга чыдамы түгөнүп баратат. Ошондуктан был жаңжалга катышы барларды өздөрүнүн эки тараптуу проблемаларын өз алдынча чечип, газ жөнөтүү ишинде жоопкерчиликтүү болууга чакырабыз",-деп айтты шведдердин премьери.

Кавказдын түштүк ыптасындагы өнөктөрдөн Грузиянын"ассоциациялар" келишимине киргенге дурус мүмкүнчүлүгү бар делинип жүрөт, бирок президент Саакашвилинин оппозицияга каршы карышкан мамилесинен улам соңку кездери Брюсселдин Тбилисиге ишеними солгундап баратат.

Калган өнөктөр – Азербайжан, Армения, Молдова менен Белорус "ассоциациялар" келишимине азырынча бышып-жетиле элек.

Жалпысынан алганда деле адам укуктары, саясий эркиндиктер жагынан алты өлкөдө сезилерлик жылыштар байкалган жок, демократия процесси кээ бирлеринде токтоп калды, айрымдарында керагар кетти, калгандарында али баштала да элек.

Брюсселдеги жыйындын документтеринде чыгыштагы өнөктөргө байланыштуу саясий интеграция тууралуу эчтеме айтылбаганын айрым байкоочулар ушул жүйөө менен түшүндүрүштү.

Дагы бир жагдай: 1-декабрдан тартып Еврошаркеттин өзүндө Лиссабон келишими күчүнө кирди. Бул да алдыга бир катар милдеттерди койду, бери эле дегенде, немец канцлери Ангела Меркел айткандай, жалпы биримдик үчүн көп иштерге акыл калчап, "ойлонуп көрө турган маал" келди.

XS
SM
MD
LG