Бишкектин Жибек-Жолу – Тоголок-Молдо көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан курулуш материалдары сатылган түйүндө да цемент кечээтен бери калбай калды. Ал жердеги сатуучулардын бири Алмаз баалар тууралуу буларга токтолду:
“Азаттык”: - Силерде цементтин баасы канча турат?
Алмаз: - 360 сом, тоннасы 7 200 сом.
“Азаттык”: - Мурда 260 сом эмес беле, канча болуп калды кымбаттаганына?
Алмаз: - Жакында эле кымбаттады. Бир айга чукулдап калды.
“Азаттык”: - Азыр цемент көрүнбөйт го силерде. Барбы цемент?
Алмаз: - Түгөндү. Калбай калды.
“Азаттык”: - Эмнеге калбай калды, алып келбей жатышабы?
Алмаз: - Завод токтоп калды деп атышат го...
Көк-Жар жаңы конушунда цемент саткан Айбек аттуу жигит бааларды ортомчу ишканалар көтөрүп жатканын айтат:
- Бааны негизи ортомчу ишканалар эле көтөрүп атат. Заводдун өз баасы 3000дей экен. Булар эле ортодон баарын жасап атышат. Биз болсо түз заводдон ала албайбыз. Ортомчулар баарын ээлеп алышкан. Бери жактан эле дароо көтөрүшөт.
Цемент баасын ортомчулар көтөрүп жатат дегендер көп
Ошентип цементке болгон баа Бишкек четиндеги эле заводдон шаардагы кардарга жеткиче эки эседен ашык өсүп кетти. Ал эми цементтин заводдон чыккандагы баасы 2 945 сомду түзөт. Баадагы мындай чоң айырманын жаралышын ар ким ар кандай жорушат.
Маселен айрым экономисттердин баамында, бул – уюшкан ортомчу монополист ишканалардын жасап аткан жоругу. Саясатчылар арасында муну бийликтен көрүп, президенттин айланасындагылар шайлоо алдында ири ишканаларга көмүскө салык сала башташканы менен түшүндүрүшүүдө.
Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаевдин пикиринде, бул жерде алдыдагы шайлоонун, чоң саясаттын деле анчалык тиешеси жок. Анткени коррупциялык системаларда ортомчу ишканалар бийликке жең алдынан акча берип коюп, бааны каалагандай быча беришет:
- Мындай айырма сатып алып, кайра сатып аткан ортомчулардын эле баасы. Бул эң негизгиси ошол цементтин тартыштыгынан келип чыккан маселе. Эгер цементтин баасы көп болсо эч качан 2 эседен ашык өспөйт эле. Эң эле жакшы механизм – цементти суроо-талапка жараша көбөйтүш керек. Атаандаштарды көбөйтүш керек. Бул – рыноктун мыйзамы!
Монополияга каршы саясат агенттигинин адиси Райым Рустамовдун айтымында, жаңы бекиген баага ылайык шифер 21 пайызга кымбаттаганы менен цементтин баасы мурдагыдай калтырылды. “Андыктан рыноктогу баа да ушуга жараша түзүлүп, цемент арзандашы керек”,- дейт адис:
- Цементтин баасын биз былтыр ноябрь айында түшүргөнбүз. Кошумча нарк салыгысыз 2 945 сомго түшүргөнбүз. Азыр деле ошол боюнча калды.
Чакан курулушчулар бригадасын түзүп, түрдүү курулуш иштери менен алектенип келаткан Мурат Баатыровдун айтымында, бардык жерде көптөгөн курулуш иштери токтоп турган маалда, курулуш материалдары арзандабай эле кайра кымбаттап жатканы чынында түшүнбөстүктөрдү жаратты:
- Каржы кризиси деп курулуш иштери көп жерлерде токтоду. Курулуш иштери токтоп атса, шифер менен цементтин баасы арзандагандын ордуна көтөрүлгөнү мага түшүнүксүз. Мына жай келип, элдин баары курулуш иштерин баштайлы деп атышса цемент, шифер кымбаттап кетти.
“Элинур” курулуш компаниясынын жетекчиси Эвраз Осмоновдун айтымында, учурда алар алып жаткан цементтин баасы мурдагысындай эле турат. Көчөдөгү цементтин кымбатташына болсо ортомчулар себепчи болушу мүмкүн:
- Бизге цемент мурдагы баада эле келет. Көчөлөрдө болсо көтөрүлүп кетти. Мындан мурдараак заводдун иши токтоп, анан баалар өспөдү беле. Азыр да ошого байланыштуу көз боемочулук болушу мүмкүн.
Баалардын өсүшү үчүн президенттин жакындарын айыптагандар бар
Белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиевдин пикиринде, учурда чоң-чоң кирешелүү ишканалар бийликтин алдында чөгөлөп, “үй-бүлөнүн” кабагы-кашы менен тең айланып калганы эч кимге жашыруун эмес. “Цементтин баасы деле президенттин жакындарынын иш-аракети аркасында көтөрүлдү, анткени булар алдыдагы шайлоого каражат топтоп атышат”,- дейт ал:
- Жалаң Бакиевдин айлана-тегерегиндегилер бүтүндөй монополисттер. Цементти, мунайды, шиферди кармагандардын баары үй-бүлөнүн жакындары же аларга көз каранды адамдар. Алар бири-бири менен сүйлөшүп алышат. Үй-бүлө паланча акча бересиң дешсе, беркилер бааны көтөрөбүз деп айтышат. Ошентип баалар өсүп атат...
“Кант цемент заводунун” өкүлдөрү баалардын айырмасы тууралуу эч нерсе айта алышпай, цемент монополияга каршы агенттик бекиткен баада чыгып жатканын, андан аркы баага жооп бере алышпасын айтышууда.
Жогорку Кеңештин депутаты, “Ак-Жол” фракциясынын мүчөсү Бейшенбек Абдрасаков “Азаттыкка” жооп берип жатып, бул жерде президенттин же анын жакындарынын тиешеси жоктугун, кептин баары ортомчуларда жатканын, аларды тез арада жоюу боюнча өзү да маселе көтөргөнүн айтат:
- Ал жерде бир катар ортомчу ишканалар бар. Алар заводдон дароо эле 2000-3000 сомго алып, аны кайра эки эсе кымбат сатып атышат. Ошолорду жоготуш керек да. Мен парламентте сунуш кылдым эле, буларды жоготуш үчүн бардык облустарда заводдун өзүнүн кампаларын же соода түйүндөрүн ачып, ошол жерлерде саттырыш керек деп. Ал эми заводдогулар баасы ошондой эле, чыккандан кийинкисин билбейбиз деп атышпайбы. Булар дароо ошол жерден эле сатышат, анан ортомчулар бааны каалагандай кылып атышат. Эми буларды монополияга каршы агенттик, финансы полициясы дегендер караш керек эле.
Монополияга каршы агенттик цементтин баасы арзандашы керектигин айтканы менен баалар түшкөн жок. Айрым талдоочулардын божомолунда, так ошол ортомчу ишканалардын аркасында абдан зор күчтөр тургат. Андыктан көптөгөн түшүнбөстүктөрдү жараткан цемент баасынын айырмасы дагы бир топко, шайлоо бүткүчө өзгөрбөшү мүмкүн.