Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:43

Кыргызстандагы кыйноолор милициядан башталабы?


26-июнь - кыйноого кабылгандарды коргоонун эл аралык күнү. Кыргызстандык укук коргоочулар өлкөдөгү кыйноолордун дээрлик 80 пайызы милиция кызматкерлерине туш келээрин айтууда. Бирок ИИМ мындай маалыматты четке какты.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун маалыматы боюнча, акыркы бир жарым жыл аралыгында эле өлкө боюнча 300 чамалуу адам милициянын ур-токмогуна кабылган фактылар катталган. Укук коргоочулардын айтымында, айрым учурларда күнөөлөрүн мойнуна алдыруу, маалыматтарды айттыруу максатында милиция кызматкерлери кармалган адамдарды ур-токмокко алып келишет жана мындай иш-аракетти толук кыйноонун түрүнө кошсо болот.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын айтымында, жер-жерлерде жарандар укуктарын билбегендиктен, адвокаттардын жетишсиздигинен, ички иштер кызматкерлеринин профессионалдык деңгээли төмөндүгүнөн, кыйноолорду колдонгон жарандардын жазаланбай жатканынан жана тиешелүү бийлик бутактарынын кош көңүл мамилесинен улам өлкөдө кыйноолор уланууда:

- Мыйзам боюнча Кыргызстанда кыйноолор такыр колдонулбашы керек. Анткени Баш мыйзамда жана Кылмыш кодексинде да ал көрсөтүлгөн. Ошол эле убакта биз Кыйноолорго каршы конвенция боюнча милдеттенме да алганбыз. Бирок тилекке каршы, бул иштердин бардыгы кыйноолорго бөгөт кое албай атат. Кыйноолор бизде болуп эле атат. Уруп-сабоо деген биздин милицияда кенен эле колдонулуп атат. Эми бир жагынан алганда, бул жерде мамлекеттик саясий эрк да керек. Биз бардык эл аралык стандарттарга кошулуп, келишимдерге колубузду коюп, милдеттенме алгандан кийин; биз кыйноодон толук баш тартып, кыйноону жасаган адамдарды жазага тартсак, башкалар андай кылбай калышмак. Бүгүн карга, карганын көзүн чукубайт дегендей, бири-бирин коргоп коюп атышат.

Ички иштер министрлигинин бир катар өкүлдөрү, “кыйноо” деген сөздү милиция кызматкерлери менен байланыштыруу туура эмес экендигин, милиция кызматкерлери эч кимди кыйноого албасын айтышат. Алардын пикиринде, айрым жаш милиция кызматкерлери тажрыйбасыздыктан улам шектелгендерге, кармалгандарга кол көтөргөн фактыларды таптакыр кыйноо деп аташка болбойт. Андай кадамга барган милиция кызматкерлерине карата кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген жүйөө менен иликтөө-тергөө иштери жүргүзүлөт.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун айтымында, министрликтин алдында түзүлгөн атайын топтор бүтүндөй өлкө боюнча маал-маалы менен милицияларды окутуу иштерин уюштуруп, жарандардын укуктарын бузбоо жаатындагы негизги нормаларды үйрөтүшөт. Ошондой эле ал милиция кызматкерлери арасынан маал-маалы менен кармалгандарды сабоого алгандар катталып, аларга карата чаралар көрүлүп келатканын, бирок мындай учурлар укук коргоочулар айткандай көп эместигин айтат:

- Укук коргоочулардын көбү айрым учурларда жалган фактыларга таянып айтышат. Биз өзүбүз бул багытта дайыма профилактикалык иш-чараларды жүргүзөбүз. Жанагы укук коргоочулар айткандай, 300 чамалуу адамдарды милиция сабаган дегенге мен ишенбей турам. Ошол иштер чындап ачык факты болсо, эмне үчүн алар аягына чыкпайт, алар далилденгенби? Дегеним, милиция кызматкерлеринин иш-аракеттерине көзөмөл кыла турган прокуратура деген орган бар. Биздин ар-бир иш-аракетибизге байкоо салып, туура эмес иштер болсо кийлигишүүгө, керек болсо кылмыш ишин ачууга, жоопкерчиликке тартууга алардын укуктары бар.

Ошентсе да укук коргоочулардын пикиринде, “Карга, карганын көзүн чокубайт!”,- деген принцип боюнча өзүм билемдик кылган, ур-токмокко барган күч органдарынын кызматкерлери демейде жазаланбайт. Ал эми эл арасында “милиция кармалган адамды сөзсүз сабайт” деген түшүнүк терең орноп калгандыктан укук бузуулар уланууда.

1997-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы 26-июнду БУУнун Кыйноого кабылгандарды коргоо күнү деп жарыялаган.

БУУнун кыйноого каршы конвенциясына ылайык, кыйноо деп – атайылап кайсы бир адамдан маалымат алуу, кайсы бир ишти мойнуна илүү, жазалоо же коркутуу иретинде анын денесин катуу оорутуу, жабыркатуу сыяктуу аракеттерди атаса болот. Кыргызстан да эл аралык коомчулук алдында өз аймагында андай иштерди болтурбоого милдеттенген.

XS
SM
MD
LG