Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:28

Франция румын жана болгар цыгандарын кетире баштады


Өз ыкласы менен Румынияга кетип бараткан цыгандардын бир тобу менен Миграция жана интеграция кызматынын өкүлү(оңдон экинчи) сүйлөшүүдө. Париж. Шарль де Голл аэропорту. 19-август 2000
Өз ыкласы менен Румынияга кетип бараткан цыгандардын бир тобу менен Миграция жана интеграция кызматынын өкүлү(оңдон экинчи) сүйлөшүүдө. Париж. Шарль де Голл аэропорту. 19-август 2000

Франция 19-августта жүздөгөн цыгандарды өлкөдөн мажбурлап чыгара баштады. Бардыгы Румынияга жана Болгарияга жети жүздөй цыган жөнөтүлөт.

Бул улуттук өкмөттүн Францияда беймыйзам жашаган цыган конуштарын жабууга багытталган өнөктүктүгүнүн алгачкы саамалыгы. Оппозиция өкмөттү элдин көңүлүн олуттуу социалдык проблемалардан алаксытуу үчүн цыгандарга каршы өнөктүктү баштады деп сындоодо.
Франциядан өз каалоосу менен кетип жаткан цыган аял учакты күтүүдө. Париж, Шарль де Голл аэропорту. 19-август 2010
Өз ыктыяры менен Франциядан чыгып кетүүгө макулдук берген румыниялык 79 цыгандын улуу жаштагыларына француз өкмөтү 300 евро, балдарына 100 евродон сыйлык пул берди.

Цыгандарды Франциядан айдоого июль айында Гренобыль шаарында цыгандар менен полиция ортосуна болгон кагылышуу негиз болгон. Чатактан кийин президент Николя Саркози цыгандардын конуштары адам аткезчилиги менен сойкулуктун очогу болууда деп, алардын уруксатсыз орнотулган 300 лагерин үч айдын ичинде жабууну буйруган.
Франция. Цыган үй-бүлө полиция алардын автоконушун түн ичинде жаап кеткенден кийин. Лилл шаарынын жанындагы лагерь. 12-август 2010


17-августта Франциянын ички иштер министри Брис Ортефе ай соңуна чейин 700 цыган Румыния жана Болгарияга жөнөтүлөрүн жана өткөн үч аптада цыгандардын дагы башка көчкүн улуттук азчылыктардын 51 мыйзамсыз конушу жабылганын билдирди:

-Биздин өлкөдө беймызам бир да жер, аймак, турак-жай же курулуш болбош керек. Бул операция ар күнү токтобой улантылат.

Президент Саркозинин сынчылары аны жумушсуздуктун өсүшүнөн, популярсыз пенсия реформасынан жана өкмөт мүчөлөрү аралашкан чатактардын айынан өчүп бараткан саясый рейтингини көтөрүү үчүн кылмыштуулукка каршы өнөктүктү баштады дешет.

Цыгандарды Франциядан мажбурлап кетирүүнү Социалисттик партиянын социалдык маселелер боюнча улуттук катчысы Нажат Валлод-Белкасем айым “Азаттыкка” берген маегинде “маскарачылык” деп мүнөздөдү:

-Саркози мырза жана анын өкмөтү француз элин социалдык проблемалардан алаксытуу үчүн береги кадамга барды. Иммиграция, кооптуулук, кылмышкерлик - бул өкмөттүн оозунан түшпөгөн сыйкырдуу сөзгө айланды.

Валлод-Белкасем айымдын сөзүн бейөкмөттүк Адам укугу лигасынын вице-президенти Малик Салемкор да жактады:

-Бул этникалык, бирөөнү куру каралаган, майнапсыз саясат. Бул өзгөчө румыниялык жана болгариялык цыгандарга каршы багытталды. Францияда 15 миң цыган бар. Биз Францияга бир нече күндөн кийин кайра келе алчу европалык жарандарды кууп жатабыз. Алар Францияда жашаганга даяр.

Ройтерс агенттиги сурамжылаган цыгандардын кээ бирлери Францияга кайра келишээрин айтышкан. Конуш жайы бузулуп, азыр Париждин четиндеги спортзалдын биринде жашап жаткан 70 чамалуу цыгандын бири Родича Новакович айым алардын бири:

-Эгер полиция бизди өлкөдөн чыгарып жиберсе, мен барган жеримде 2-3 күн, балким бир апта турам. Акча табар замат Францияга кайра келем. Мен Францияга балдарымдын келечеги үчүн келем. Мен Францияда балдарымды бага алам. Бул Румыния эмес. Румынияда бирөөдөн бир стакан суу сурап иче албайсың. Францияда атүгүл айрым дүкөндөр азык-түлүктү бекер берет.

Румыния жана Болгария 2007-жылы Евробиримдикке кошулган. Биримдик ортолук келишимге жараша уюмга мүчө өлкөлөрдүн жарандары үч ай ичинде визасыз эле каалаган өлкөсүндө жүрө алат.

Француз өкмөтүнүн цыгандарды күчтөп кетирүүсүнө 18-августта Румыния өкмөтү тынчсызданганын билдирди жана аны “экономикалык кризис учурунда улуттук жек көрүүчүлүккө от таштаган популисттик чара” деп атады.

XS
SM
MD
LG