Ингушетиядагы белгилүү укук коргоочу Макшарип Аушевди үч күн мурда коңшулаш Кабардин-Балкариядагы туугандарына бараткан жолдо белгисиз кылмышкерлер атып кетишти. Буга чейин эле аны бир нече жолу тындым кылмакчы болушкан, бир ирет уулун, бир тууган бөлөсүн уурдап да кетишкен. Аларды Аушев кудай жалгап аман-эсен бошотуп алганга жетишкен.
Аушев өзү анын артынан түшкөндөр экс-президент Мурат Зязиковдун, мурдагы ички иштер министри Муса Медовдун кишилери экенинен күмөнү жоктугун айтып, бийликтен кетишсе да республикадагы кырдаалды ошолор контролдоп жатканын көрсөткөн эле.
Зязиков оппозициячыл "Ингушетия.ру" интернет сайтынын ээси Могамед Евлоевди былтыр августта өлтүрүп кетишкен соң кызматтан алынган. Анын ордуна Юнус-Бек Евкуров президент болуп дайындалган. Быйыл жайда ага да кол салышып, оор жарадар кылышкан. Евкуров Москвада узак даарыланып жатып, республикага күз башында гана кайтып келген болчу.
Аушевдин өлүмүнөн кийин анын кызматтан алынышын талап кыла башташты. Оппозиция лидери Могамед Хазбиев бул иш үчүн күнөөнү биринчи кезекте азыркы өкмөт менен жеке Евкуровго, мурдагы лидерлерге, жалпы эле Кремлдин колун караган ырасмий өкүлдөргө жүктөдү. "Бул өлкөнүн бандит бийлиги Аушевди бандиттерче өлтүрдү",-деп айтты ал.
Россиялык укук коргоочулардын "Мемориал" борборунун мүчөсү Александр Черкасовдун айтымында, азыркы президент өзү мурда оппозицияда жүргөн, андыктан Аушевдин өлүмүнө Евкуров кызыкдар болмок эмес.
Евкуров кылмыштын артында күч органдары турушу мүмкүн деген түкшөмөлдү жокко чыгарбады. Бирок муну ким кылса да "республиканын азыркы жетекчилигине, анын жеке өзүнө каршы жасалган кылмыш" катары кабыл аларын ырастады.
Аушевдин өлүмүн териштирип чыгууну Россиянын башкы прокурору Юрий Чайка жеке өз көзөмөлүнө алды.
Түндүк Кавказда соңку кездери укук коргоочулар ар кошкон кылмыштуу топтордун бутасына алына баштады. "Мемориал" уюмунун Грозныйдагы кеңсе башчысы Наталя Эстемированы, анын соңунан "Чечен согушунун курмандыктары" кыймылынын жетекчиси Зарема Саулиеваны өз үйүндө күйөөсү менен бирге атып кетишти.
"Башкасын айтпайлы, Евлоевдин эле өлүмүн алалы: аны кандымоюндарга ким табыштаганы, ким атканы – баары белгилүү. Иш ийне-жибине чейин камерада тартылып калган. Бийлик эмне кылды? Бул ишке күлүп жатпайбы!"- деп жаны кашайды оппозиция лидери Хазбиев.
Эл аралык Human Rights Watch уюмунун Москвадагы бөлүмүнүн директору Татяна Локшина акыркы кездеги окуяларды жалпылап: "Саясий оппозициябы, жарандык укук коргоо чөйрөсү болобу, айтор, көз карандысыз ишмердик дегендин өзү түндүк Кавказда өз башын өзү өлүмгө байлаган иш болуп калды",- деп бүтүм жасады.
Мунун соңунан Amnesty International "бийликтерден, анын ичинде федералдык өкмөттөн аймактагы жайкын жарандардын өмүрүн коргоону" талап кылды."Ансыз түндүк Кавказда жарыла албай турган опуртал кырдаал ого бетер от алып, алоолонуп кетиши мүмкүн",- деп эскертти Мунапыстын Европа жана Борборазия программасынын жетекчиси Никола Дакворт.