Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

Т.Акун: Авас Саиповдун айткандарынын жөнү бар


Турсунбек Акун, Кыргызстан Акыйкатчысы.
Турсунбек Акун, Кыргызстан Акыйкатчысы.

2007-жылы 24-октябрда киши колдуу болгон Алишер Саиповдун атасы Авас Саипов уулун өлтүрдү делип кармалган адам чынында күнөөсүз экендигин айтып келатат. Ал буга чейин президентке, күч органдарына, сот органдарына ачык кайрылууларды жасап, шектүү адамдар бош жүргөнүн, уулун өлтүрүүгө Кыргызстан менен Өзбекстандын күч органдарынын катышы бар экенин айткан. Бул ишти өткөн айда Жогорку Сот кайрадан Ош шаардык сотуна жөнөткөн. Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбек Акун бул тууралуу кабарчыбыздын айрым суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: - 2007-жылы 24-октябрда журналист Алишер Саипов киши колдуу болду эле. Ошондон бери соттук териштирүүлөр бүтпөй келе атат. Мына былтыр, мурдагы жылдан бери Алишер Саиповдун атасы Аваз Саипов Жогорку Сотко, Ички иштер иинистрине, Генералдык прокуротурага, президентке чейин ачык каттарды жазып, уулунун өлүмүнө тиешеси бар делген фамилияларды дагы ачык айтып атат. Ал Ички иштер иинистрлигин дагы айыптоодо, “ушулардын дагы катышы бар” деп. Бул боюнча сиз кандай ойдосуз, деги эле Аваз Саиповдун “арыздарым колго алынбай жатат” деп айтып атышынын жөнү барбы?

Турсунбек Акун: - Менимче жөнү бар. Анткени мен 2007-жылы мамлекеттик делегациянын башчысы катары президенттин айтуусу боюнча Варшавага барып, мамлекеттин атынан доклад жасадым. Ошондо бизге эл аралык коомчулук, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) күнөө койду. Алишер Саиповдун өлүмү ушул убакка чейин Кыргызстандын бийлиги, укук коргоо органдары тарабынан ачылбай атат, ушуну ачканга жардам бериңиз же ачканга жетекчиликке айтыңыз деп айтышкан мага. Ошондон келгенден бери бүткүл кыргыз бийлигине айтып атам колумдан келишинче.

Аваз Саиповдун айтканы туура.

Анткени биз ошол Алишер Саиповду өлтүргөн адамдын бетин ачып, сотко берип, буга чекит коюшубуз керек эле. Биз анте албай келатабыз. Бул - кыргыз мамлекетинин аброюна аябай шек келтирүүдө. Андан кийин канчалаган журналисттер өлтүрүлүп кетти, канчалаганы сабалып атат. Ушунун баары Алишер Саиповду өлтүргөндөр жазаланбай жүргөндүктөн, табылбай аткандыктан, аягына чыкпай жаткандыктан болуп атат. Башка дагы өлтүрүүлөр, башка дагы уруп кетүүлөр болуп атат.

Бирок мен айтып коёюн, Аваз Саипов дагы бир жактуулукка жол берип атат.

Ал адам дагы кичине баласынан кийин нерв жагынан жабыркаганбы билбейм. Мисалы, мага келиптир, мен кабыл алайын десем 15-20 мүнөт күтүп эле кетип калган экен. Акыйкатчы институту менен биргелешип иштешсе дагы көп нерсе болот эле. Антпей эле ал адам ар кайсы жакта жүрөт. Кичине чыдамдуурак болуш керек да. Эми ал киши жамандык көрдү. Билип атам. Бирок ошентсе да биз менен иштешсе деген менин каалом бар.

“Азаттык”: - Былтыр киши колду болгон Алишер Саиповду өлтүргөн адам табылды деген маалымат чыкты эле. Аны Абдуфарид Расулов деген адам өлтүрүптүр, мойнуна алып атат деп Ички иштер министрлиги президентке дагы кабарлаган эле. Билесиз, бул иш президенттин көзөмөлүндө. Бирок жанагы кишини Алишер Саиповду өлтүргөн эмес деп Аваз Саипов такыр ишенбей жатат, өлтүргөндөр такыр эле башка деп..?

Турсунбек Акун:
- Мындай да, Аваз Саипов бекер айткан жок. Ал өзүнүн божомолдоосун айтып жатат. Өзүнүн канынан чыккан баласы да.

Эгерде тергөө процесси ачык-айкын болгондо, убагында оперативдик иш-аракет жасалганда, ИИМ катуу аракет кылганда андай түркүн божомолдор чыкпайт эле. Тергөө жакшы иштебей, издөө жакшы жүрбөгөндүктөн ушундай божомолдорго жол берилүүдө. Күчтүү фактылар менен ошол А.Расуловду эл алдына алып чыкпайбы, басылмаларга чыгарбайбы. Ошондой иштерди жасабагандыктан биздин ИИМ өздөрү күнөлүү болот да. Анткени далилдүү фактырар жетишпей атат, коомчулуктун алдында Алишер Саиповду өлтүргөндөрдү далилдешибиз керек. Албетте андай болбосо Аваз Саипов айтат, мен да айтам, журналисттер даайтышат. Анан түрдүү адам түрдүүчө жазат.

“Азаттык”: - Аваз Саиповдун айтымында, Ички иштер министрлигинин айрым кызматкерлери да буга тиешелүү. Оштогу жергиликтүү чиновниктердин арасынан айрымдардын, Бахтияр Токтоматов сыяктуу бир катар адамдардын ысымдарын айтып, ошолор суралбай атканына ал киши абдан нааразы..?

Турсунбек Акун: - Менин тергөө ишине кийлигишкенге акым жок. Бирок бул киши баласы өлгөн адам.

Анан ал түрдү адамдарды айтат. Айтканга акысы бар. Мунун баардыгын тергөө амалдарын жүргүзүп, бийлик өзү буга чекит коюп, фактылар менен далилдеш керек.

Бул кишинин айтканынын да жөнү бар, бүткүл шектүү делген адамдардын баары суралышы керек.

“Азаттык”: - Маегиңизге чоң рахмат!

XS
SM
MD
LG