Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:43

Эбади реформачыларды соттоо жараянын сынга алды


Ирандык укук коргоочу, Нобел сыйлыгынын лауреаты Ширин Эбади айым Түштүк Корея сапары маалында. Сеул ш. 2009-жылдын 11-августу.
Ирандык укук коргоочу, Нобел сыйлыгынын лауреаты Ширин Эбади айым Түштүк Корея сапары маалында. Сеул ш. 2009-жылдын 11-августу.

Ирандык укук коргоочу Ширин Эбади реформачыларды соттоо жараянын кескин сынга алып, өлкө бийлигин адилет сотту камсыз кылууга чакырды.

Ирандык белгилүү укук коргоочу, Нобел сыйлыгынын лауреаты Ширин Эбади айым “Азаттыктын” кабарчысы Гүлназ Эсфандияри айым алып барган бул маек учурунда июнь айындагы талаш-тартыштуу президенттик шайлоого нааразы болгондордун өкүлдөрү болгон жүз чакты кишинин үстүнөн жүрүп жаткан сот жараянын кескин сынга алып, соңку сот жараяндарынын талуу жактарын чечмелеп берди.

Ширин Эбади айым ирандык бир катар көрүнүктүү реформачы саясатчылардын, интеллектуалдардын жана алардын тарапкерлеринин үстүнөн жүрүп жаткан сот жараяны Иран мыйзамдарына кандайча ылайык келээри тууралуу суроого төмөнкү жообун узатты.

Ширин Эбади: - Эгерде Иран Ислам Жумуриятынын сот, суракка алуу жана камоо менен байланыштуу мыйзамдарына негизденип бааласак, бул сот иштери, албетте, таптакыр мыйзамсыз иштер. Биз аларды адилет соттун пародиясы катары гана сыпаттай алабыз. Сот ачык деп жарыяланганына карабастан, ага ал түгүл айыпталып жаткандардын үй-бүлө мүчөлөрү да жолотулган жок. Бул сот жараяны адилет болушу керек эле, бирок ага байланыштуу ушунчалык көп көмүскө иштер орун алып жатат дейсиз, аларды саноонун өзү көп саатты талап кылат. Кыскача гана айтсам, бул сот жараяндары тек шана шоу жана адилеттиктин пародиясы болуп калды. Аларды иран эли жана эл аралык коомчулук кабыл албайт. Бул сот иштери соттордун өздөрүнүн беделин түшүрүп, биздин санааркообузду туудуруп жатат.

Соттолуп жаткандардын бири – реформачы саясатчылардын бири Сайид Хажарян мырза.

Соңку учурда шал оорусунун азабын чеккен бул мырзанын акыбалына анын үй-бүлө мүчөлөрү өтө санааркап жатышат. Алардын айтымында, Хажарян өзүнүн эмне айтып жатканын өзү дурус аңдабай жаткандай сыяктанат. Хажарян сот жараяны маалында өзүнүн “ылайыксыз кылыгы үчүн” кечирим сурап чыкты. Эбади айым Хажаряндын бийликтен кечирим суроосу менен байланыштуу мындайча оюн айтты:

Ширин Эбади: - Сайид Хажаряндын күнөөсүн мойнуна алганы менен байланыштуу шоунун өзү, эң өкүнүчтүүсү, адилет сот системасынын бузулгандыгын гана айгинелейт. Хажарян 30 жыл бою Иран Ислам Жумуриятына кызмат кылып келди. Азыркы акыбалынан улам Хажарян мырза беркилердин өзү үчүн жазып берген текстин да окуй албайт. Анын күнөөсүн мойнуна алгандыгы сыяктуу иш-чаралар аркылуу бир натыйжага жетем деп ойлогон ар кандай сот өз беделине көө жапкандан башка эч майнап таба албайт.

Укук коргоочу Эбади айымдын пикиринде, учурда жүрүп жаткан сот жараяндары саясий айыпталуучулар үчүн мыйзамга ылайык бир катар орчун укуктук шарттарды камсыз кылууга тийиш:

Ширин Эбади: - Сот иштери ачык болуусу керек. Эгерде кайсы бир киши жыныстык зордоого кабылса жана бул кылмыш жагдайы ачыкталууга тийиш болсо, ушундай гана жагдайда сот жабык өтүүгө тийиш, бирок калган учурларда, - анын ичинде соңку шайлоодон кийинки саясий окуяларга байланыштуу маселелерде да, - сот ачык болуусу абзел. Ал эми мындай саясий иштерге сырткаркы адвокаттарды да катыштырбай жатышат. Хажарян мырзанын кызынын айтымында, ал өз адвокатын алмаштырууга мажбур кылынган жана жаңы адвокат аны айыптап жаткан прокурордун досу болуп чыкты. Кээ бир адвокаттар өздөрү коргоп жаткандардын күнөөлүү экенине өздөрү ишенип алганына да күбө болдук. Мындай адвокаттар өздөрү коргогон кишилерге кечирим берүү жана мунапыс жарыялоо тууралуу гана сурап жатышат. Алардын эч бири өздөрү коргоп жаткан кишилерге тагылган айыптуу делген иш-аракеттин өзү күнөөгө жатпай турганын сотто таасын айтып, расмий доого каршылык билдиришкен жок.

“Азаттыкка” 27-августта курган бул маегинде Ширин Эбади айым Мухаммад Али Дадха (Mohammad Ali Dadkhah) сыяктуу айрым ирандык адвокаттардын да камакка алынганын терең айыптап, укук коргоочу адистер кол тийбестик макамына ээ болууга тийиш деген пикирин билдирди.

XS
SM
MD
LG