Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

Иран ийге келе баштады


Тегеран - Иран президенти Махмуд Ахмединежад жана МАГАТЭнин директору Мохаммад ал-Барадей.
Тегеран - Иран президенти Махмуд Ахмединежад жана МАГАТЭнин директору Мохаммад ал-Барадей.

Иран эл аралык "алтылык" менен "эң жогорку деңгээлде" сүйлөшүүлөрдү улантканга даяр. Тегерандын мындай кадамын Батыш өлкөлөрү кубатташты. Ал эми Ирандын өзүндө эксперттердин бир жааты муну азыркы бийликтин жеңиши,экинчилери анын апкөйлүгү катары баалашууда.

Женевадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарына иран бийликтери жалпысынан алымсынган мамилесин билдиришти. Өлкөнүн тышкы иштер министри Манучехр Моттаки "мурдагы жылдардан айрымаланып, "алтылыктын" өкүлдөрү Тегерандын сунуштарына кулак төшөй баштаганын белгилеп, өз кезегинде Иран да сүйлөшүүлөрдү улантканга, атүгүл аларды "эң жогорку деңгээлде өткөргөнгө даяр экенин" бышыктады.

МАГАТЭнин директору Мохаммед ал-Барадей өткөн жекшембиде Тегеренда болуп, Кум шаарына жакын жерде курулуп жаткан ишкананы эл аралык текшерүүдөн өткөргөнгө президент Махмуд Ахмединежадды макулдатты. Бул иш ушул айдын этегинде башталат.
Мындан тышкары Тегеран өзүнүн атом өнөр жайы үчүн чет өлкөлөрдөн байытылган уран сатып алгандан да баш тартпай турганын тастыктады.

Мунун баарына Батышта Ирандын ийге келе баштаганы катары карап жатышат.

Өткөн ишемби күнү The New York Times гезити МАГАТЭнин жашыруун докладына шилтеме жасап, атом бомбасын кантип жасашты Иран эбак эле өздөштүрүп алганын, "жайчылык максатты көздөгөн" программасын ал каалаган учурда курал-жаракка багыттап өзгөртүп алышы мүмкүн деп жазып чыккан эле.

Буга байланыштуу АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Сюзан Райс мындай кабарларга, ошондой эле өкмөттүн ички маалыматтарына тигиндей же мындай деп пикир айтканга укугу жоктугун эске салып: "Бир гана нерсени айталам - ирандыктардын атом чөйрөсүндөгү программасы кандай деңгээлде же кайсы мүнөздө болбосун баары бир иштин жаман оролго ооп кетишин алдын алганы бардык чараларды көрүүгө тийишпиз",-деп билдирди.

Анын алдында президент Обаманын коопсуздук кеңешчиси Жеймс Жонс бул маселеде АКШ өзүнүн чалгындоо мекемелеринин маалыматтарына таянарын,аларда болсо Иран атом бомбасын жараганга жарап калганын тастыктаган таныктар азырынча жок экенин айткан эле. Бул ойду МАГАТЭнин башчысы да өз кеңсесинде иштеген адистердин тыянактарына таянып бышыктады.

Дүйшөмбү күнү Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хасан Кашкави өкмөттүн "атом чөйрөсүндөгү аракеттери өңчөй тынчтык мүнөздө экенин, ядролук куралдарды таркатпоо келишимине толук төп келерин, бу конвенцияны Тегеран эч качан бузбаганын жана бузбай турганын" кайрадан кайталады.

Женевадагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжаларын жана өкмөттүн ийкем боло баштаганын консервативдүү айрым маалымат каражаттары, алардын ичинде "Фарс" агенттиги жана "Кайхан" апталыгы Тегерандын "Батышты жагдайга башкача өңүттөн караганга аргасыз кылган кадамы" деп баалашты.

Жергиликтүү аналитик Хассан Фатхи болсо өкмөттүн соңку позициясына шайлоо кризисинин өңүтүнөн карады. "Мунун баары ички оппозициянын оозун басууну көздөгөн пропаганда", - дейт ал. Бийлик президент Ахмединежад Батыш менен басташып,аны өз талабына көндүргөнгө жетишкендей кылып көрсөтүп, быйылкы шайлоодогу жеңишин бекемдегиси келет. "Ошону үчүн Обаманын администрациясы менен кандай да болсо жакындашып, бул аркылуу ички саясий иштерде каалагандай аракеттенге мүмкүнчүлүк алабыз деп эсептешет".

АКШдагы Калифорния университетинин профессору Казем Аламарди " Иран ислам республикасы атом программасы болбогон күндө деле Батыш үчүн баары бир проблемалуу бойдон калат" деп эсептейт. Анткени Тегерандагы "режим өз элинин эркин, демократиялык дамаасын басып, анын укуктарын бузуп жатат".

XS
SM
MD
LG