Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:05

Иран бийликтери элди оппозицияга каршы тукурууда


Иран өкмөтү уюштурган жүрүштүн катышуучусу оппозиция лидери Мир Хусейн Мусавини шылдыңдаган сүрөттү булгалап көрсөтүүдө. Тегеран. 30-декабрь, 2009-жыл.
Иран өкмөтү уюштурган жүрүштүн катышуучусу оппозиция лидери Мир Хусейн Мусавини шылдыңдаган сүрөттү булгалап көрсөтүүдө. Тегеран. 30-декабрь, 2009-жыл.

Иранда 2009-жылдын жайында болгон талаштуу президенттик шайлоо кубаттуу оппозициялык кыймылдын түптөлүүсүнө алып барды.

Таанымал саясатчылар башындагы Жашылдар кыймылы бүгүн Ирандагы түрдүү социалдык катмардын өкүлдөрүн, анын ичинде диниятчыларды да камтыйт. Кыймылдын тарапкерлеринин айтышынча, алардын максаты Ирандагы диний жетекчиликти алмаштыруу жана саясый системаны реформалоо.

Студент: Максат - ислам жетекчилигин алмаштыруу

Эгерде алты ай мурда оппозициянын жактоочулары президент Ахмадинежад добуштарды орой бурмалоо менен экинчи мөөнөткө шайланганына каршы көтөрүлсө, бүгүн алардын талабы башка. 24 жаштагы Хусейн деген тегерандык студенттин сөзүнчө:

Мешхед шаарындагы Азади университетинин студенттери өкмөт каржылаган Басижи милициясы менен салгылашууда. 30-декабрь 2009
- Кеп Мир Хусейн Мусавинин президент болуусунда эмес. Мага окшогон жаштар Ислам жетекчилиги алмашсын деген бирден бир максат менен көчө жүрүшүнө чыгабыз.

Мир Хусейн Мусави - оппозициянын лидери. Ахмадинежад жеңди деп жарыяланар замат Мусавинин, реформачыл Мехди Карубинин жана Ислам ыңкылапчыл корпусунун мурдакы командачысы Мохсен Резаинин жактоочулары ыкчам биригип, добуштарды кайра саноону талап кылып, дембе-дем көчө жүрүштөрүнө чыгышкан. Бул үч саясатчы тең президенттикке ат салышкан.

Жашылдар кыймылы бийлик эсептешчү саясый күчкө айланды

Байкоочулардын айтышынча, Жашылдар кыймылы жарым жыл ичинде Иран бийликтери эсептешчү ири күчкө айланды. Хамид Дабаши - Нью-Йорктогу Колумбия университетинин профессору. Анын пикиринче, Жашылдар кыймылы адам укугу үчүн күрөшкөн кубаттуу элдик күчкө айланууда:

- Тарыхый жактан алганда, биз марафончулар сыяктуу демократия жана адам укугу үчүн узак күрөштү эми гана баштап жатабыз. Бул баалуулуктар өлкөдө эбак түптөлүш керек болчу.

Ирандагы диний бийликтин тиреги болгон Ыңкылапчыл гвардиянын мурдакы негиздөөчүсү, диний бийликтин сынчысына айланган
Өкмөт тарапкерлери мурдакы президент Мохаммад Хатами(оңдо), реформачыл Улуттук ишеним партиясынын төрагасы Мехди Каруби (ортодо) жана Иран оппозициясынын ана башы Мир Хусейн Мусавинин сүрөттөрү жабыштырылган АКШнын туусун көтөрүп баратышат.Тегеран. 30-декабрь 2009
Мохсен Сазгара Жашылдар кыймылы күрөштө максатына жетерине ишенет:

- Жашылдар кыймылы коомду демократияны көздөй тынч алып өтчү дараметке ээ экенинен күмөн санабайм.

Элдин түрдүү катмарларын камтыган Жашылдар кыймылынын күрөшү жеңил болчудай эмес. Оппозициянын маалымдашынча, президенттик шайлоодон кийинки тынч демонстрацияга чыккан эл менен полициянын кагылышууларда 72 киши набыт болгон. Анын ичинде бир жаш аял чекеге атып өлтүрүлгөн. 2 миңдей адам камалып, алардын жүздөйү “баркыт ыңкылабын уюштурмак болду” деп соттолгон. Бийлик күч колдонгонуна карабай, Мохсен Сазгаранын айтышынча, Жашылдар кыймылы күч колдонууга барбады:

- Кыймыл зобун-зордуксуз ыкманы кармана алды жана өз талабын тынчтык жолу менен билдирип жатты.

Жашылдар кыймылынын негизги талаптары - бул бардык саясый туткундарга эркиндик берүү, сөз эркиндиги жана демократиялык реформа жүргүзүү.

Иран оппозициянын ана башылары кимдер?

Оппозициячыл кыймылдын башында мурдакы реформачыл премьер-министр Мир Хусейн Мусави, парламенттин мурдакы төрагасы Мехди Каррубиден башка да мурдакы президент Мохаммед Хатами жүрсө, анын руханий көсөмү деп 20-декабрда көз жумган диссидент Улуу Аятолла Али Монтазери эсептелчү.

Иран жетекчилигин колдогон аял өлкөнүн руханий көсөмү Али Хаменейи (оңдо) менен Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Аятолла Рухалла Хоменейинин сүрөтүн көтөрүп баратат. Тегеран. 30-декабрь 2009
Профессор Дабашинин байкашынча, Ирандын диний төбөлдөрү адам укугуна көңүл бурбаса, бийликтен кетүүгө мажбур болот:

- Эгер диний жетекчилик бийликти кармап тургусу келсе, жарандардын укугуна көңүл бурушу абзел. Болбосо, ички карама-каршылыктан улам кулайт. Жашылдар кыймылы да Ислам Республикасын өзгөртмөйүнчө токтобойт.

Ал эми Мохсен Сазгара болсо Жашылдар кыймылынын болочогу ар кандай жагдайга көзкаранды деген ойдо:

- Саясый майдандын оюнчулары ар нерсеге кабылышы мүмкүн. Маанилүү саясый өзгөрүүлөр демейде түрдүү күтүүсүз окуялар менен коштолот.

Жашылдар кыймылы Аятолла Монтазери көз жумгандан кийин Тегеран, Исфахан, Кум жана башка шаарларда калың эл катышкан демонстрацияларды өткөрүштү. Анын катышуучулары руханий көсөм Аяторлла Хаменейинин
Иран полициясы өкмөт имаратынын алдында бийлик тарапкерлеринин демонстрациясына көз салып турат. Тегеран, 30-декабрь 2009
ысмына наалат сөздөрдү айтып, бийликтен кетүүгө чакырган учурлар арбын болду. 27-декабрдагы шиитердин Ашура майрамы кезинде Жашылдар кыймылынын жактоочулары менен коопсуздук күчтөрү кагыша кетип, 8 адам набыт болду жана оппозициянын 500дөй мүчөсү камакка алынды.

Бийлик элди оппозицияга каршы тукурууда

Жаңы жыл алдында Ирандын өкмөттүк телеканалдары бийликти колдогон жана оппозиция лидерлери Мусави менен Каррубини жоопко тартууга чакырган өкмөт уюштурган демонстрацияларды тынбай көрсөтүп жатты.

Президент Махмуд Ахмадинежад жайкы шайлоодон бери эле оппозициянын талаптарын маанисиз деп, жарандарды оппозицияга каршы тукуруп жүрөт. Ал декабрдын ортосунда жасаган бир кайрылуусунда Жашылдар кыймылынын өз талаптарын айттырбоого чакырды:

- Алар (оппозиция) эзилген топурак жана чаң сыяктуу. Таза дарыядай болгон элибиз алар өзүн көрсөткөнгө бир танап да жер бербейт.

Иран бийликтеринин оппозициячыл маанайдагы элдин оозун басууга аракет кылганына карабай, саясый кризис уланууда. Өз атын атоодон кооптонгон тегерандык журналист аялдын сөзүнчө, “Иран эли жазгы дарыядай киргени турат жана аны диний жетекчилик кандай дамба курбасын, токтото албайт”.

XS
SM
MD
LG