Президент Хамид Карзай жардыруу мурдакы биринчи вице-президенти Ахмед Зия Мансурдун Кабылдагы үйүнүн жанында болгонун, бомба чабуулунан Масуддун эки жан жигити өлгөнүн билдирди. Ахмед Зия Масуд Ооган можахиддеринин көрүнүктүү командири, маркум Ахмед Шах Масуддун бир тууган иниси.
Жардыруу болгон учурда Карзай көп сандагы чет элдик дипломаттар жана ырасмий адамдар менен чогуу шаардын башка бөлүгүндө жемсөөлүккө каршы күрөшүү боюнча конференцияда жүргөн.
“Азаттыктын” кабарчысынын билдиришинче, Масуд автомобилчен жанкечти бомба жардырган кезде Уазир Акбар Хан районундагы үйүндө болгонун, чабуулдан бир нече мүнөттөн соң анын өз күзөтчүлөрү менен сүйлөшүп жатканын көргөн.
Масуд кабарчыга жардырууга байланыштуу өз пикирин айтуудан баш тарткан.
Кабылдык Уазир Ахмед жардыруу жөнүндө Ройтерс агенттигине буларды айткан:
-Жардыруу болгон кезде мен кеңсемдин сыртында элем. Жардыруудан Ахмад Зия Массудга караштуу он машине талкаланганын, бир нече адам өлгөнүн жана жарадарларды көрдүм.
Жанкечтинин бомба чабуулунан, маалыматтарга караганда, Масуддун үйүнө коңшулаш көп кабаттуу заңгыраган тамдарга катар бекем курчалаган “Heetal“ мейманканасы да жабыркады. (Көбүн эсе сырт өлкөлөрдөн келген коноктор токтоочу бул мейманкананын бир бөлмөсү бир түнгө 250 доллар турат). Ал эми бетондон курулган үч кабат там чатыры менен кошо кулап түшкөнү кабарланды.
Ооганстандын ички иштер министрлигинин өкүлү Замарай Башаринин “Азаттык” радиосуна айтышынча, капылет болчу жаңы чабуулдардын алдын алуу максатында жана тергөө үштөрүн жүргүзүү үчүн жардыруу болгон районду коопсуздук күчтөрү күзөтткө алган.
Кабылдын менчик “Тоlо-ТV” телеканалы аларга талиптердин өкүлү телефон чалып, “Жанкечтинин бомба чабуулун биз уюштурдук” деп айтканын билдирди.
Ахмед Зия Масуд 2004-жылдан ноябрга чейин биринчи вице-президент болгон. Хамид Карзай быйылкы президенттик шайлоодо Масуддун ордун Ооганстанда белгилүү тажик саясатчысы, Коргоо министри Мухаммед Касым Факимге сунуш кылган. Масуд да Факим сыяктуу эле панширлик тажиктерден. Масуд кызматтан кеткени менен Ооганстандагы таасирлүү саясатчылардын бири деп саналат.
Советтик баскынчылыкка жана талиптерге каршы күрөштөгү каармандыгы үчүн “Пеншардын шери” деген атка конгон Ахмед Шах Масуд 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШнын шаарларына жасалган террордук чабуулдардан эки күн мурда Тахар провинциясында “ал-Каиданын” агенттери деп шектелген адамдардын кол салуусунан өлгөн.
Ахмед Шах Масудду президент Карзай “Ооган элинин баатыры” деп жарыялаган жана 9-сентябрь өлкөдө улуттук майрам-Масуддун күнү.