Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

Жалал-Абадда башталган курултай Базар-Коргондо аяктады


Курманбек Бакиевдин жактоочусу убактылуу өкмөттүн тарапкерлерин опузалап жатат. 2010-жылдын 14-аперли, Жалал-Абад.
Курманбек Бакиевдин жактоочусу убактылуу өкмөттүн тарапкерлерин опузалап жатат. 2010-жылдын 14-аперли, Жалал-Абад.

Бүгүн Жалал-Абад шаарында башталып, Базар-Коргон районунда улантылган Элдик курултай губернаторлукка буга дейре Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп турган Бектур Асановду шайлады.

СДП фракциясынын мурдагы депутаты Жусупжан Жээнбеков Жалал-Абадагы шайлоонун болбой калуусун уюштуруу иштеринин начардыгынан көрөт.

Бүгүн чакырылган Элдик курултайда учурдагы өлкөдөгү кырдаал менен президент К. Бакиевдин жоопкерчилиги жана облустун губурнаторун шайлоо маселеси каралмак. Курултайга беш миңге жакын адам чогулду. Жыйын баштала электе трубинага чыкан Сузак районунан Шакир ажы басып алуулар менен баш аламандыкка каршы болду. Бишкектегидей кагылыш болбоосу үчүн улут аралык мамилени бекемдөө максатында коомчулук башка улуттун өкүлдөрү, жаштар менен чогуу аракет көрүп жатканын белгилеп, элди саясатчылардын кулу болбоого чакырды. Анын пикиринде, мурунку жана азыркы бийлик да калкты пайдаланууда:

-Эч кандай тополоңду үч күнгө чейин киргизгенибиз жок кудай буюрса. Анысы дагы, мунусу дагы элди талкан кылмакчы. Ал жерди басып алып, бул жерди ала калайын, бул жерден мындай чыга калайын дегендер жок.

Шакир ажы чакырган өзбек улуттук маданий борборунун президенти К. Батыров трибунага жетерде аны элдин арасынан суурулган жактоочулары жандай жүгүрүштү. Трибунага башка адамдарды чыгарбай турган бир топ жаштар ЖКнын мурдагы депутаты К. Батыровдун жансакчыларынын алдын тороп, аны микрофонго жеткиришкен жок.

Сөз тийбей алган К. Батыров трибунадан түшкөндө курултайга келген өзбек улутунун өкүлдөрү жыйын аянтын таштап кетишти. Алар Элдердин достугу атындагы Университетке барып, жарандарды тынчтык менен ынтымакка чакырган митинг өткөргөнү маалым болду.
Трибунадагы ызы-чуу басылбай, элди сабырдуулукка чакырган облустун утурумдук башчысы А.Шакиров менен убактылуу өкмөттүн тапшырмасы менен Жалал-Абадга келген Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Б. Асановду да эч ким уккан жок. Президент К. Бакиевди жактаган тасмаларды көтөргөн 20-30 дай адам чыгып, оппозицияны айыптоо менен үч-төрт саат бою трибунаны ээлеп алышып, үн күчөткүчтү эч кимге бербей коюшту. Алар кыйлага дейре “Бакиев” деп кыйкырып турушту.

Элдик курултайдагы баш-аламандык СДП фракциясынын мурдагы депутаты Жусупжан Жээнбеков сүйлөп жатканда да токтободу. Ал үн күчөткүчү жок жарандарды кызуу кандуулукка алдырбоого жана тынчтыкка үндөп, бийликтин элге өтүүсүн жактап чыкты. Анын эсебинде трибунага өзбек жамаатынын өкүлдөрүн жакындатпай коюу – чекилик болду. Курултайды уюштуруучулар анын күн тартибин чогулгандарга түшүндүргөн жок. Жыйынга облус борборуна жакын турган шаар-райондордун калкы гана келген, алыскы аймактардын өкүлдөрү катышкан жок:

- Бүгүнкү маселе мурунку президентке ишенимди жоготуу, Жалал-Абад эли аны колдобойт деп. Бакиев канча адамды сыздатты, 84 баланын канча жетим баласы калды, канча жесир аялы калды, канча ата-эненин көзүнөн жашы агып атат. Мыйзам чегинде жооп бериши керек. Кыргызстанды түштүккө келип башкарам деген болбойт. Анда Кыргызстан жок болот. Жазгы талаа жумуштары башталып турганда чакыргандан кийин элдик губернаторду шайлап алыш керек болчу. Эл башкарып аткандан кийин, элде бийлик турганда, элге бийликти бердик деп аткандан кийин эл өзү шайласын.

Жалал-Абад шаарынын ардагер тургуну Төлөгөн Ааматов убактылуу өкмөткө ишеним артуу менен курултайдын катышуучуларынын опурталдуу кырдаалды жеткилең түшүнбөй, арасат ойдо калганына токтолду. Ал губернаторду жер-жерлерден облуска жиберилген өкүлдөр аркылуу тандоону сунуш кылды:

- Курултай деп жалпы элди чакырбай ар бир айыл, шаарлардан, айыл өкмөттөрдөн чакырып, жакшы уюштуруп, чоң залда, программаны коюп, облуста кандай иш кылабыз деп ушул программаны элге жеткириш керек эле.

Облустун жашоочусу Гүлсара Абдрасулова Ак үй алдында болгон кан төгүүгө оппозицияны айыптап чыкты:

- Жалаа жаап атышат. Бакиев мындай жаман иштерди кылбайт деп эл айтып атат.

Түшкү саат үчтөн кийин убактылуу өкмөттү колдоо митинги облустук Барпы театрынын алдында, облустук көчмө курултай Базар-Коргон район бийлигинин маңдайында өттү. Анда кызматын тапшыра элек президент К. Бакиевдин бийлик ишине сын-пикирлер айтылды.

Базар-Коргондогу курултай убактылуу өкмөт башчынын орунбасары А. Бекназаровдун сунушу менен облустун губернаторлугуна Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп иштеп турган Бектур Асановду шайлады. Ал кечке жуук облустук жыйын куруп, күч уюмдарына тартипти сактоо милдетин жүктөөрүн билдирди.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG