Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:25

Жыйынды атмайдан жанында өткөргүлө!


Президенттик шайлоодон кийинки нааразылык чараларын таратуу. Бишкек, 2009-жылдын 29-июлу.
Президенттик шайлоодон кийинки нааразылык чараларын таратуу. Бишкек, 2009-жылдын 29-июлу.

Тынч жыйындар жөнүндөгү мыйзамдын биртоп беренелери Башмыйзамга кайчы келерин ырастап, айрым бейөкмөт уюмдар өткөн жылы Конституциялык сотко кайрылган. Быйыл 28-январга белгиленген соттук териштирүү кийинкиге жылдырылды.


Кийин келгиле


Конституциялык соттун териштирүүсү кийинкиге жылдырылышынын себеп жөнүн “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдырасулова момундай жагдайга байланыштуу түшүндүрдү.

- Биз өзүбүздүн өтүнүчүбүздө, Нурбек Токтакуновдун өтүнүчүндө ошол 4-5-беренени, башкача айтканда, өткөзө турган жерди, маалымдоонун мөөнөтүн берген элек. Ал эми азыр болсо мен кошумча өтүнүч киргиздим. Кошумча өтүнүчтө шилтеме болуш керек эмес, деп көрсөтүлдү. Жергиликтүү бийлик аныктайт, деген норма жок болуш керек.

Буга чейин Конституциялык сот Бишкек шаар кеңешинин тынч көчө жыйындарын белгиленген жерде өткөрүү жөнүндөгү эки токтомун жокко чыгарган. Анткен менен Башмыйзамга кайчы келчү эреже-талаптын 2008-жылы парламент тарабынан кабыл алынган тынч жыйындар жөнүндөгү мыйзамга кирип кетиши эмдигиче табышмак.

Адвокат Нурбек Токтакуновдун ырасташынча, конституциялык соттун айныксыз чечими чыккандан кийин ал так аткарылышы керек болчу.

- Азыр кайра-кайра карап эле, мисалы Бишкек шаар кеңешинин токтомун Конституциялык сот жокко чыгаргандан кийин кайра эле Жогорку Кеңеш мыйзамга киргизип койду. Ошондой азыр жосундар көп болуп жатат. Конституциялык сот четке каккан норманы Жогорку Кеңеш кайра эле киргизип коет.

Бишкекте тынч жыйындар атмайданда өтөт

Тынч жыйындар жөнүндөгү мыйзамдын 3 - 4 – 5- 9-беренелери Конституцияга карама-каршы келери эми соттук териштирүүдө аныкталмакчы. Маселен, мыйзамдын 3-беренесинде тынч жыйындарды кайсы жерде өткөрүүнү жергиликтүү бийлик ээлери чече тургандыгы белгиленген.

Парламент депутаты, коммунисттер фракциясынын мүчөсү Бүмайрам Мамасейитованын пикиринде, мындай норма Башмыйзамга кайчы келбейт.

- Мэрия, жергиликтүү бийлик кайсы жерди көрсөтсө ошол жерде өткөрүш керек. Анан бир күнү бир аянтта, эртеси күнү дагы бир аянтта, көчөдө өткөрө бере турган болсок көчөгө чыгып кете беребиз.

Парламенттеги “Ак Жол” фракциясынын мүчөсү, депутат Динара Молдошева да тынч жыйындар жөнүндөгү мыйзам Конституцияга карама-каршы келбейт деген пикирде.

- Эгерде биздин жарандар жыйын, митинг өткөрөбүз дешсе маалымат катары жергиликтүү бийликке 12 күн мурун айтышы керек. 12 күн эмнеге берилип атат? Эгерде мэрия, жергиликтүү бийлик жок, өткөрбөйсүңөр десе а бирок жарандарыбыз ага карабай өткөрө бере тургандыгын айтышса ошол жергиликтүү бийликке 12 күн ичинде жергиликтүү сотко кайрылышы керек. 12 күн ошол уруксат бербеген жергиликтүү бийликти сотко берүүгө берилип жатат.

Акыйкатчы да мыйзам даярдаган

Бейөкмөт уюмдардын маалымдашынча, 2005-жылкы бийлик алмашуусунан соң байма-бай өткөрүлүп келген тынч көчө жыйындарынын саны азайган. 2008-жылы мыйзам кабыл алынгандан кийин жыйырмадан ашуун гана жыйындар өткөн. Анын төртөөнө гана жергиликтүү бийлик тарабынан уруксат берилген.

Парламенттеги коммунисттер фракциясынын жетекчиси Исхак Масалиевдин демилгеси менен иштелип чыккан тынч жыйындар жөнүндөгү мыйзам адам укугу боюнча эларалык уюмдардын да сынына кабылган.

Кыргызстан өзүнө алган адам укуктарын сактоо боюнча милдеттенмелерин аткарышын эсепке алып Кыргызстан Акыйкатчысынын алдында түзүлгөн укукчулардын демилгеси менен тынч жыйындар жөнүндө жаңы мыйзам долбоору иштелип чыгып, ал Венеция комиссиясынын жактыруусуна ээ болду. Жарандык коом өкүлдөрүнүн жыйындарында талкуудан өтүүдө. Жаңы мыйзамдын парламенттен өтүшү азырынча арсар. Конституциялык сот чечими менен ушу тапта иштеп жаткан мыйзамдын топ беренеси жараксызга чыкса жаңы мыйзам долбооруна жол ачылып кетиши деле мүмкүн.

XS
SM
MD
LG