Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:42

Алатоолук ырчылар Америкада


Ушул күндөрү кыргыз шоу-бизнесинин айрым өкүлдөрү АКШнын шаарларында концерт коюп жүрүшөт. Аларды АКШдагы “Кыргыз Клаб” уюму чакырган.

20-ноябрдан тарта 26-декабрга дейре Динара Акулова, Микаэль, Бактыгүл Бадыева, Арсен, Максат Бегалиев баштаган топ “Кыргыз Клаб” уюмунун чакыруусу менен АКШнын ири шаарларында концерт уюштурушат. Бир айды карытып, анан мекенге кайтчу кыргыз ырчылардын чыгармалары кайсы шаарларда жаңыраары тууралуу “Кыргыз Клаб” уюмунун жетекчиси Айбек Хакимов “Азаттыкка” буларды билдирди:
Айбек Хакимов - "Кыргыз Клаб" уюмунун жетекчиси
-Кыргызстандыктар көп санда жашаган Нью-Йорк, Филадельфия, Вашингтон, Лос-Анжделесте – негизинен ушул төрт шаарда концерттер уюштурулат. Азыр дагы башка шаарларда концерт уюштуруу боюнча аракеттер көрүп жатабыз.

Кыргыз аткаруучулары Филадельфияда 27-ноябрь күнү, ал эми Вашингтондо кыргыз элчилигин колдоосу менен 19-декабрда концерт беришет. Лос-Анжелесте болсо ырчылар өз өнөрлөрүн 26-декабрда тартуулашат деп максатталып жатат.

Айбек Хакимовдун билдирүүсүндө АКШга ырчыларды тандоо жергиликтүү продюсерлерден кеп-кеңеши менен жүргөн. Алалы бул жолу АКШга барчу топтун мүчөлөрүн продюсер Миргүл Эсеналиева тандаган.

-Жаштар уккандай, ошондой эле улуу муундагы эжелерибиз, байкелерибиз уккандай болсун деп Динара эжени тандап алдык. Ал эми жаштардан алдыда келе жаткан ырчылар деп Бактыгүл Бадыева, Максат Бегалиев, Арсенди тандап алдык. Бул жерден Омар кошулду,- деди М. Эсеналиева.

Биринчи жолу АКШга сапар алган белгилүү аткаруучу Динара Акулова океандын ары жагындагы мекендештерге дээрлик эски чыгармаларын алып барганын “Азаттыкка” билдирди.

-Мен бул жакка келгениме абдан кубанычтамын. Бул жакта көптөгөн аксакалдар жаштарыбыз бар экен. Таанышып атабыз четинен. Эми бул жерге репертуарыман мурунку эски жана популярдуу ырларыман алып келдим. Чыгармаларымдын атап кетсем: “Балама”, “Ак бантик”, “Сүйүү ишеними” , “Өчпөсүн сүйүү”, “Сүйүү- таза” жана башкалар.

Кыргыз жаштар арасында алгылыктуу ырчы Бактыгүл Бадыева Америкадан алган таасирленүүлөрү менен бөлүшүп, талантын ал жердеги кыргызстандыктар үчүн тартуулоо мүмкүнчүлүгүн уюштуруп бергендерге ыраазычылыгын билдирип өттү:

-Бизди чогултуп, АКШга алып барган “Кыргыз Клабга” жана продюсер Миргүл Эсеналиевага ыраазычылыгымды билдиргим келет. Бул жердеги кыргыз туугандарынын көңүлүн ачып, керектүү деңгээлде концертер уюштурабыз деп үмүттөнөм.

Эскерте кетсек, быйыл жазда “Кыргыз Клаб” уюумунун чакыруусу менен аткаруучу жубайлар Урмат менен Неля да АКШда ийгиликтүү концерт өткөрүп кайтышкан.

XS
SM
MD
LG