Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

А. Айтикеевдин арызын сот канааттандырбады


Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту президенттикке талапкер болуп катталбай калган Акбаралы Айтикеевдин арызын карап, аны канааттандырган жок. Айтикеев арызында аны талапкер кылып каттабай койгон БШК чечимин жокко чыгарууну талап кылган.

Бул быйылкы президенттик шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу биринчи соттошуу болду. Президентикке талапкер катары көрсөтүлгөн Акбаралы Айтикеев сотто БШК топтолгон колдорду туура эмес текшерген жана аларды кайра текшерүүгө негиз берген БШКнын эскертмеси мыйзамга каршы деп билдирди.

Анын айтымында, облустук жана Бишкек, Ош шаардык комиссияларынын текшерүүсүнөн өтүп келген колдорду БШК кайра текшерет деп, комиссия ушул жылдын апрель айында чыгарган чечими мыйзамга каршы. 2005-жылкы шайлоодо президенттикке талапкер болгондо быйылкыдай эле 75 миңге чукул кол тапшырган жана БШКнын текшерүүсүнөн кийин бул жолкудай көбү жокко чыгарылган эмес. Демек, быйыл комиссияга бийлик атайын буйрук берген деген Айтикеев БШКнын өзүн талапкерликтен алган токтомдун негизинде Курманбек Бакиев да талапкер катары катталбашы керек деп билдирди:

- БШК ал токтомду 1-апрелде кабыл алган. Ошол токтомдо кол топтогон учурда ага кол койгон адамдын фамилиясынын тушунда паспортунун номери болуш керек деп жазылган. Ошого ылайык Курманбек Бакиевди колдогон кол тамгалардын баары жараксыз болуп чыгат. БШК бул катасын мойнуна алып, Бакиевди талапкер деп каттаган мандатын кайра алышы керек.

БШКнын сотко катышып жаткан өкүлү Алмазбек Насипбеков экс-талапкердин мындай дооматы негизсиз деп четке какты. Анын айтымында, Курманбек Бакиев каттаткан 50 ыйгарым укуктуу өкүл бир миллион 200 миң кол топтогон жана алардын ичинен 47 миң гана кол жараксыз болуп чыккан. Андан тышкары, Айтикеевдин БШК бийликтин буйругун аткарып жатат деген дооматы орунсуз деп, комиссия талаш жараткан токтомду Шайлоо Кодексинин жобосуна ылайык уюштуруу иштерин тактоо иретинде чыгаргандыгын билдирди:

-Анткени Шайлоо Кодексинде бардык уюштуруу иш-аракеттерди жазуу мүмкүн эмес. Ошондуктан жоболор, сурап-билүү маалыматтар жана көрсөтмө куралдар Шайлоо Кодексине ылайык кошумча кабыл алынат. БШК ошол документтердин негизинде иш алып барат.

Акбаралы Айтикеев жергиликтүү комиссияларга өзүн колдогон 74 миң 81 адамдын колун тапшырган. Жергиликтүү комиссиялардын текшерүүсүнөн кийин БШКга жарактуу деп 65 миң 546 кол түшкөн. БШКнын токтомуна ылайык төрт региондо топтолгон колду кайра текшерген учурда алардын 27 жарым проценти жараксыз деп табылып, Айтикеевди талапкер деп каттоого эки жарым миңге жакын кол жетпейт деген чечимге келген.

Айтикеев БШК мындай текшерүүсү менен шайлоочулардын укугун бузуп жатат жана чогулган колдорду буга чейин текшерген жергиликтүү комиссиялардын ишине күмөн саноону жаратты деп билдирди.

Андан тышкары БШКнын 1-апрелдеги токтомунда талапкерди колдогондордун фамилиясынын тушуна паспортундагы маалыматтар дагы көрсөтүлүшү керек деген талапты Бакиевди колдогондордун колун чогулткандар аткарбагандыгына көз жуумп, бардык талапкерлерге бирдей мамиле жасабаган БШКны таратууну соттон талап кылды.

Айтикеевдин сотко катышкан жактоочуларынын бири Сайкал Түлөгабылова мындай дооматка негиз бар дейт:

-Бийлик талапкеринин жактоочулары колду кантип чогултканын көрдүк. Аларда колдогондордун паспорту боюнча маалыматтар жок экен. А биз паспортундагы маалыматтарды да талап кылып жаттык. Менин санагым боюнча жүз кишинин ичинен 60-70 адамдын гана паспорту колунда бар экен. Калгандардыкы жок, көбү кредитке берилген, карызга берилген бойдон албай калышкан экен.

БШКнын өкүлдөрү болсо жумушчу комиссия кол тамгаларды мыйзам чегинде текшерип, мыйзамдын негизинде гана иш алып барып жатат деп билдиришти.Мындай маалыматты сотко күбө катары чакырылган Адилет министрлигинин соттук экспертиза бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу Эмил Булатов да билдирди.

Ал эми БШКнын юристи Алмазбек Насипбеков “Сот БШКны таратканга укугу жок”,- деп, экс-талапкердин БШКны таратууну талап кылгандыгына таңыркады.

Акбаралы Айтикеев болсо мыйзам бузууларга жол берилген президенттик шайлоонун акыры чыр менен бүтөт деп, эл аралык коомчулукка анын жыйынтыгын тааныбоо чакырыгын таштады. Райондук соттун чечимин жокко чыгарып, БШКны жазалоо арызын Жогорку Сотко чейин берерин жарыя кылды.


XS
SM
MD
LG