Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

Жаңы жол баштоо жоопкерчилиги


Кыргызстандагы парламенттик шайлоо таза, ачык өттү. 10-октябрь, 2010-жыл.
Кыргызстандагы парламенттик шайлоо таза, ачык өттү. 10-октябрь, 2010-жыл.

Шайлоо жыйынтыгы чыгып-чыкпай мөрөйү үстөм чыккан партия башчылары кайсы бир өлкө өкүмдарларынын сынынан өтүп келүү түйшүгүнөн бошоно албай отурушат.


Ошондон улут кызыкчылыгы, эгемендик тагдыры эмне болот суроо чыгууда. “Азаттыктын” “Бетме-бет” талкуусу мына ушул теманын айланасында жүрдү. Ага ишкерлер Анарбек Усупбаев жана Табылды Эгембердиев катышты.


Так талаш Москвадан чечилеби?

- Анарбек мырза, шайлоонун жыйынтыгында президенттик башкарууну жактаган партиялардын арбын добуш алып калышы эмнени түшүндүрөт?

Анарбек Усупбаев: Ушу суроого жооп берерден мурда 31-августта “Форум” гезитине чыккан алтайлык бакшы Алтай Киненин маегинен үзүндү окуп берейин: “Алдыда боло турган шайлоодо кыргыздар сырткы душмандан сак болуусу керек. Менин билишимде кыргыздардын эркиндиги, өнүгүп-өскөндүгү башка мамлекеттерге жакпагандай сыяктуу. Кыргыздар биримдикте болсо башка душмандардын кыргыздарга алы жетпейт. Кыргыздар баатыр эл. Өз ичиңерде кыргызмын деп, бирок кыргыз эместер көп экен”.
Азыркы депутаттар курамы “Ак жолдукунан” начар болуп калышы деле мүмкүн.


Мен өзүм санжыра, тарыхка көбүрөк көңүл бурам. Карасам парламентке кыргызга күйбөй тургандар, дүйнөсү көп, акчалуулар келиптир. Кыргыз тарыхын билбеген, санжырасына кызыкпаган, жети атасын түшүнбөгөндөр арбын келиптир. Мен алардан жакшы бир нерсе күтө албайм.

Биз “Кыргыз эл биримдигин” түзгөнбүз. Ушинтип кете берсек заман оңолбойт. Таза шайлоодо кыргыз деп күйгөндөр келсе, ага чейин жанагындай акчалуу маңкурттар келе берсе биз оңолбойбуз. Сырткы душмандар деп атышат. Мына, мен төртүнчү партиянын жетекчиси шайлоо жыйынтыгы чыга электе Орусияга кеткенине кейип жатам. Ф.Кулов конфедерация деп атпайбы. Андай болсо ошого кошулуп, чөгөлөп оокат кылбайлыбы.

- Парламенттик башкарууну жактагандардын шайлоодо көпчүлүк добуш алалбай калышы, Табылды мырза, эмнеге байланыштуу болду деп ойлойсуз?

Табылды Эгембердиев
Табылды Эгембердиев:
Эл партиялардын саясий программасына карап добуш берген жок. Түшүнгөн адамдар мына ошол парламенттик башкарууну жактагандарды колдошту. Көпчүлүк болсо партия башчыларынын кимдигине карап эле добуш беришти. Анан Орусиянын шайлоого кийлигишүүсү күтүлбөгөн жыйынтыктарга алып келди.

18 жылдан бери биз эгемен өлкөбүз, өз тагдырыбызды өзүбүз аныктайбыз деп эле жүргөнбүз. Бирок биздин тагдырыбыз алигече эле Кремлдин колунда экенин эми түшүнүп атабыз. Азыр мен Анарбек тарапка кошулуп баратам. Улутчулдарды жактырчу эмесмин. Менин да намысыма тийип жатышат. Президенттик башкаруудан оозубуз күйгөн. Парламенттик башкарууга биз даяр да эмес болчубуз. Андай болсо биз эгемендикке деле даяр эмес экенбиз. Татар, башкырлардай болуп ошол конфедерациясына кошулуп жүрө берсекпи деген да ой келип кетет экен.

Эгер биз намыстуу, чын эле Манастын тукуму болсок, ач калсак да эркиндигибизди эч нерсеге алмаштырбай өз тагдырыбызды өзүбүз чече алабызбы деген маселе бар. Парламенттик бакшарууну деле көрөлү. Бирок партия жетекчилери улут, өлкө кызыкчылыгы эмес, жеке кызыкчылыктарына көбүрөөк маани берип атышабы деген ойдомун. Анан, жашырганда эмне, эл добушун акчага сатып ийди. Бул да ойлонтчу нерсе.
Өзүбүз кыргызча сүйлөгөндү үйрөнүп алып башкаларга үйрөтө баштасак оңолмокпуз.


Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлөк элге кеп кетет...

- Анарбек мырза, жеңип чыккан партиялар шайлоо жыйынтыгы чыккандан кийин 2 жума ичинде мунасага келип, коалиция түзүшү керек. Ошондой мунасага жеңген партиялар келе алышабы?

Анарбек Усупбаев: Шайлоодо булардын бирөө да кыргыз тарыхы, кыргыз Манасы деген сөздү айтышкан жок. Бир-эки партиядан башкасынын көздөгөнү эле кызмат ээлөө. Буларга кыргыздын кереги жок. Жалпы жем салган акырга башты тыгып, ичип-жеп кете бермей.

Бир эле жол бар. Ата-бабалар түшкөн жолго, европалык эмес жолго түшүшүбүз керек. Күчтүү президенттик бийлик, үстүндө элдик курултай турушу керек. Президент жардамчылары менен келип, эл алдында жылына жооп бериши керек. Эл начар десе кызматынан кетиши керк. Жакшы десе ордунда калат.

Бул партиялар коалицияга келе алышпайт. Ар биринин өз кызыкчылыгы бар. Арасындагы бизнесмендерге кыргыздын кызыкчылыгынын кереги жок. Аларга чөнтөгү керек. Оруска барып эмне дейт экен деп акыл сурап барган партиялар мен үчүн жексур партиялар. Биз өз тагдырыбызды өзүбүз чече албасак анда орустарга же америкалыктарга, болбосо кытайлыктарга кул болуп жөн оокатыбызды жасашыбыз керек.

- Жеңип чыккан партиялар мунасага келе алышабы же итжыгылыш улантыла береби?

Анарбек Усупбаев
Табылды Эгембердиев:
Менимче партиялар мунасага келишет го. Анан Анарбек айтып аткан курултайга мен макул эмесмин. Европанын элдери деле өнүгүүнүн баштапкы этаптарында ушундай курултайды пайдаланып келишкен. Бул парламенттик, президенттик системанын миң жылдык тарыхы бар. Тандалып отуруп айла кеткенде табылган нерсе мына ушул парламенттик башкаруу. Анан элдик курултай ошол парламент депутаттары. Эл тарабынан шайланып келишпедиби. Ынтымакка келишет. Бирок бул жерде суроо - партиялар ынтымакка Орусиянын кызыкчылыгы менен келишеби же Кыргызстандын кызыкчылыгы менен келби? Кеп ошондо эле болуп атат. Маселе өлкөнүн өзү үчүн эле керек. Парламенттик башкарууда бир-бир жарым жыл жашасак көзүбүз ачылат.

Канткен менен баары эле кыргыздын жигиттери. Арасында азаматтары бар. Аларды кыргыздын душмандары дегенден мен алысмын. Анан алар деле ойлонуп атышат да. Шайлоо беш жылдан кийин эмес, андан эрте деле болушу мүмкүн. Кийинки шайлоого азыркы жүздөрүн сактап келишеби – бул да өзүнчө суроо. Элди такай эле сатып алып алдай бербейсиң. Эки бийликтин тагдыры турат го. Анан булар жалаң Москваны эле карашкан жок. Артын да карап турушат.

- Улуттук кызыкчылык менен лөк мамлекеттердин кызыкчылыктарынын ортосунан өзүнчө жол таап чыгып кетише алабы? Утуп келген партиялар ошондойго жетише алабы, Анарбек мырза?

Анарбек Усупбаев: Кыргызды ойлошсо, көкүрөгүндө кыргыз каны ойноп турса булар биримдикке келет. Жеке кызыкчылыктарына кетсе мунасага келе алышпайт. Менин да булардын ынтымакка келишине көзүм жетпей турат. Партия деген жаатташуу. Кыргызда андан улук үч канат деген бар. Биз уруулук жол менен кайрадан курултайды түзүшүбүз керек. Үч бийликтин башында ошол үч канаттын өкүлдөрү туруш керек. Беш жылда алмашып турушу керек. Мына ошондо биз коррупция дегенди, акчага алданууну, башкалардын көзүн кароону жоебуз.
Биз уруулук жол менен кайрадан курултайды түзүшүбүз керек. Үч бийликтин башында ошол үч канаттын өкүлдөрү туруш керек.


Мына арасында кыргызча жөндөп сүйлөй албагандар жүрөт. Биз ноябрда улуу курултай өткөргөнү жатабыз. Башка улут өкүлдөрүнөн, шор, алтай, хакас кыргыздарынан өкүлдөр келишет. Кыргызмын, эч кимдин көзүн карабайлы десек, биз ушу жолго түшүшүбүз керек.

- Улуттук кызыкчылык менен лөк мамлекеттердин кызыкчылыктарынын ортосунан жол табуу зарылдыгы турбайбы.

Табылды Эгембердиев: Глобалдык экономика шартында бардык өлкөлөр бири-бирине байланышкан. Бирок биринчи орунга республика кызыкчылыгы, ошого шайкеш келген лөк мамлекеттер кызыкчылыгы коюлуш керек. Бизди тегеректеген жалгыз эле Орусия эмес. Кытай бар, Америка бар, Казакстан, Өзбекстан, Иран турат.

Мына, Орто Азия тарыхында биринчи жолу калыс, таза шайлоо өткөрдүк. Ал өтсө эле жыргап кетебиз дегенбиз. Бирок андай шайлоодо акча берген кишилер келди. Азыркы депутаттар курамы “Ак жолдукунан” начар болуп калышы деле мүмкүн. Бирок ошого карабай парламенттик башкарууну деле көрүшүбүз керек. Азыр биз эки жээкте – Орусияны жактагандар, Батышты, демократияны баалагандар болуп бөлүнүп турабыз.

Биз парламенттик жол менен кете турган болсок Орусия, айрым мамлекеттер аркасын салышы мүмкүн. Бирок Европа, Америка, Жапония сындуу өнүккөн мамлекеттер жакшы мамиле жасайт. Анан тоталитардык өлкөлөрдүн бир да бирөөнүн укмуш өнүгүп кеткенин деле көрө элекпиз. Арабдар мунайдын аркасы менен байып атышпайбы. Анысы көп экен.

Кеңешип кескен бармак оорубайт

- Анарбек мырза, парламенттик башкаруу системасына сиздин көз карашыңыз кандай?

Анарбек Усупбаев: Парламент негизи ата-бабалардын жолу. Бирок бул биртике бурмаланган жол. Партия дегениң жаатчылык. Ал аркылуу түшүнүксүздөр бийликке келишет.
Парламенттик башкарууга биз даяр да эмес болчубуз. Андай болсо биз эгемендикке деле даяр эмес экенбиз.


Табылды Эгембердиев: Эми парламенттик системага келип мамлекет өнүгө баштаса, Кудайдан ошону тиле, ай!

Анарбек Усупбаев: Кое тур. Бул жерден Табыкең “Кыргызстан элинин келечеги” деп атат. Биринчи кыргыз элинин турмушу оңолмоюнча башка элдердин турмушу оңолбойт.

- Табылды мырза эгемендик келгенде “мына эми Кудай буйруса өзүбүздүн коюбуздун этин өзүбүз жеп, жүнү менен терисин өзүбүз иштетип оңуп эле калабыз” деп жазды эле. Мурдагыдай Москвага жөнөтпөйбүз деп. Табылды мырза, сиздин кандай жообуңуз бар?

Табылды Эгембердиев: Азыр жалаң кыргыздардын гана кызыкчылыгы менен жашайбыз дегендин келечеги жок. Бул кыргыздарды да туңгуюкка алып барып такайт. Биздин мамлекет кыргыз эли эмес, Кыргызстан эли. Мамлекет деген бир элди эле камтыбайт. Ошол жерде жашаган көп элдин кызыкчылыгын камтыйт. Биз уруучулукка бөлүнүп кетебизби?

Анарбек Усупбаев: Сен Кыргызстан эли дебедиңби. Мен ошого карата айттым. Биринчи кыргыз эли дешибиз керек.

Табылды Эгембердиев: Жок, мен аныңа каршымын. Кыргызга сен менден ашык күйөм деп айта албайсың. Кыргыз өз укугун башка элдер менен тең кылбаса, алардын укугун сыйлабаса биз тытышып жүрүп өтө беребиз. Биз башка улуттардын тагдырына жоопкербиз. Өзүбүздүн кызыкчылык, тилибиз, маданиятыбыз өзүбүзгө эле керек. Өзүбүз кыргызча сүйлөгөндү үйрөнүп алып башкаларга үйрөтө баштасак оңолмокпуз. Анан эмне үчүн өзүбүздүн балдарыбызды орусчага окутуп атабыз, ошого жооп берчи, Анарбек.

Анарбек Усупбаев: Биз балдарыбызды жалаң орус тилинде окутпай англис, немис, башка тилдерде окутушубуз керек. Жалаң орус тилин үйрөтпөй Европа маданиятын, тилин үйрөтүшүбүз зарыл. Орустан көргөн ыдыктарыбызды, 1916-жылкы Үркүндү эстеп, өз тарыхыбызды так үйрөтүшүбүз, улуттук жолубузду тандап алышыбыз керек. Ансыз оңолбойбуз.

- Рахмат.
XS
SM
MD
LG