Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

Э.Өмүралиев: Сырткы күчтөр менен эсептешүүгө мажбурбуз


Коомдук ишмер Эсенгул Өмүралиев Кыргызстанда стабилдүүлүктү сактап калуу үчүн парламенттеги коалиция курамы тууралуу өз вариантын сунуштоодо.

- Айрым партиялар өз позицияларын ачыктап жатышат. Бирок “Ата Мекен”, КСДП партиялары өз позицияларын дале билдирише элек. Сиздин пикириңизде алардын турумдары кандай?

Э. Өмүралиев: Эми азыр ичтен да, тыштан да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азырынча бул партиялар эч кандай ачык маалымат берген жок. Бирок өздөрүнүн турумдарын калган үч партия ачык эле айтып жатат. Анын ичинде үч партиянын лидерлери кечээ Москвага учуп кетишти. Москва жактан да өзүнчө сүйлөшүүлөр болот го. Анан ошонун жыйынтыгы менен калган позициялар ачыкка чыгат болуш керек.

- Демек кайсы фракциялар парламентте бир коалицияга биригет деп ойлойсуз?

Э. Өмүралиев: Менин оюмча эгерде Орусиянын долбоору ишке ашса, анда “Ата Журт”, “Республика” жана “Ар-намыс” үчөө биригип, президенттик-парламенттик моделге кайра алып келебиз деген ой ишке ашат. Эгерде ички сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга турган болуп калса, анда парламенттик республиканын моделин алдыга алып кетебиз десе “Ата Мекен”, “Республика” жана КСДП үчөө биригиши мүмкүн. Эгерде тиги да жок, бул да жок, эл ичинде тынчтыкты сактап калалы, азырынча бул маселени кайра көтөрүүгө саясий кырдаал туура келбейт десе анда КСДП, “Ата Журт”, “Республика” деген формада түзүлсө, анда кичине кырдаалды сактап калабызбы деген ой бар.

- Сиз үч вариантты айтып жатасыз. Кыргызстандын азыркы абалында ушул үч варианттын кайсынысы өлкө үчүн ыңгайлуу?

Э. Өмүралиев: Менимче үчүнчү вариант. Себеби азыр кайра артка кеткенибизде да кырдаал курчуйт, эгерде парламенттик деп калган ой пикирге көздү жумуп салсак анда да кырдаал курчуйт. Ошондуктан азырынча ушундай ортомчул вариантта туруп, азыркы саясий кырдаалдан өтүп, кийин акыл топтоп кайра иш кылышыбыз керек.

- Азыр көбү Кыргызстанга сырттан Орусиянын таасири абдан күчтүү деп эле айтып жатышат. Эмнеге мындай болуп калды? Кыргызстан өзүнүн саясий маселелерин өзү чечкенге кудурети жетпей калдыбы?

Э. Өмүралиев: Бүткүл дүйнө жүзү боюнча саясий маселелерди чечүүдө ички жана тышкы кырдаал эсепке алынат. Ал бүт дүйнөдө ошондой. Американын мамлекеттик департаментинин атайын өкүлү Эллиот айым азыр Бишкекте отурбайбы. Ал киши деле президент, партия лидерлери менен жолугуп, алар деле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атат. Ошол эле убакта Орусия да сүйлөшүү жүргүзүп атат. Ичтен да өзүнчө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жалгыз ички саясий кырдаалга таянып эле чечим чыгарып койсок анда тышкы алакалар жүрбөй калат. Андай болсо анда Кыргызстандын өнүгүүсү болбой калат, келечек болбой калат, ошон үчүн баарын эске алышыбыз керек.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG