Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Лидерлер Москвада, коалиция маселеси талкууда


Орусиянын бийлиги коалиция маселесин кандай чечет?
Орусиянын бийлиги коалиция маселесин кандай чечет?

4 партия лидери Москвага коалицияга бириктирүү үчүн сүйлөшүүлөргө чакыртылганы кабарланды. Коомчулук өкүлдөрү муну өлкөнүн эгемендигине шек келтире турган кара так катары айыптап чыгышты.

Москвадагы кеңешменин мазмуну сыр катары сакталганы менен, бейрасмий булактар Кремль аталган партиялардын коалицияга биригүү ишине ачык кийлигишип жаткандыгын айтышууда.

Өздөрүн агалай албагандар бирөөнүкүн сагалайбы?

“Ар-намыс” партиясынын төрагасы Феликс Кулов, “Ата Журттан” Мыктыбек Абдылдаев жана “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов 14-октябрь күнү Кремлдин бейрасмий чакыруусу менен Москвага учуп кетишти. Бул топко бир күндөн кийин Социал-демократтардын анабашчысы Алмазбек Атамбаев барып кошулгандыгы дайын болду. Бейрасмий маалыматтар боюнча сүйлөшүүлөрдүн өзөгү жаңы өкмөттүн курамын түзүүгө багытталган.
Осмонакун Ибраимов

Коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов муну Кыргызстандын мамлекеттик кызыкчылыгына каршы жасалган аракет катары баалады:

- Бул орусча айтканда “позор”. Ушу кантип болсун, баары жабыла Кремлге барып, “кимибизди каякка көтөрөсүңөр” деп сурап жатышканы уят да. Ээ, кокуй, ушундай да болчубу? Буларда ар же намыс деген барбы акыры? Ушундай деңгээлге жеттикпи? Канча киши азап тартып, шаарлар талкаланып, жүздөгөн адамдардын каны төгүлгөндөн кийинки биздин жетишкендигибиз ушул болдубу? "Кыргыздар эмне кылат экен" деп дүйнө жүзү карап турганда булар бийлик үчүн өздөрүн эле эмес, бүтүндөй элди уят кылышты.

Эгемендик эстен чыктыбы?

Кыргызстандын ички иштерин Кремлде талкуулоо анын өз алдынчалыгына жана эгемендигине доо кетирет. Бул тууралуу белгилеген дипломаттар, мындай жоосундан кийин эл аралык коомчулук Кыргызстанды көз каранды эмес, тең ата мамлекет катары тоготпой калуу коркунучу бар деп эсептешет.

Ишенбай Абдуразаков
Мурда СССРдин Жапониядагы башкы консулу болгон коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков Кремлдин өкмөттү түзүүдөгү өзүнүн каалоосун таңуулашы, эл аралык мамилелерде эгемен мамлекеттин ички иштерине одоно кийлигишүү катары карала тургандыгын белгиледи:

- Биздин лидерлер бул жактан өздөрү сөзгө келише албай, Москвага барып, ошол жакты ортомчу кылып маселе чечебиз дегени бизге абийир алып келбейт. Буга чейин демократиялык жетишкендиктерибиз түккө турбай калат. "Ошолордун айтканын жасаган өкмөт" деген имидж эл аралык аренада калыптанып калат. Биздин өлкөнүн азыркы саясий келечегин ошол жактан аныктап чечкени бизге да жарашпайт жана Москванын аракети да эгемен өлкөнүн ичине өтө эле одоно кийлигишти дегенди билдирет.

Кремль токтомчу эмес, болгону ортомчу

Бейрасмий маалыматтарга караганда, аталган партия лидерлери коалициялык өкмөттү түзүүдө жогорку кызмат орундары боюнча макулдашууда Москванын ортомчулук сунушун туура көрүшкөн. Расмий Москва өкмөт башчысы катары Феликс Куловду көргүсү келсе, муну менен макул болууга калган партия жетекчилеринин дымагы жол бербей жаткандыгы байкалат. Ошондуктан Кремль бардыгын чогуу чаран чакыртуу менен кимдин орду кайда экендигин көрсөтүп койгусу келгендей. “Ар-намыс” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырова Москвадагы кеңешменин жыйынтыгы чыга электигине токтолду:

- Коалиция түзүү маселеси бүгүнкү күндүн олуттуу иш болуп калды. Биз тиешелүү партиялар менен коалиция түзүп, максат - лидерибиз Феликс Куловду өкмөттүн башына алып келүү. Азыр ар бир партия өз шарттарын айтып жатышат. Бирок ошолордун ичинен “Республиканын” амбициясы чоңураак болуп жатат. Эми кандай чечилерин жакында көрөбүз.

Бирок айрым талдоочулардын айтымында, Москвадагы сүйлөшүүлөрдүн өзөгүн коалициялык өкмөттү түптөө маселеси түзгөнү менен, анын мааниси тереңге барып такалат.
Аскар Бешимов.

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимовдун айтымында, расмий Москва президенттик башкарууну калыбына келтирүүнү таңуулап, өз таасириндеги президенттике талапкерди аныктоого киришип жатат:

- Орусиянын аларды чакыртып, кийлигишкенге моралдык укугу бар. Анткени жашыруун деле эмес, шайлоодо Москва “Республика” жана “Ар-намыс” партияларын ачык эле маалыматтык жактан колдоп, каржылабадыбы. Эми ошонун жыйынтыгын талап кылышат да. Ал жакта, менимче, бир нече маселе талкууга алынат. Эмдиги жылкы президенттик шайлоодо кимди коалициянын атынан чыгарабыз, ким бул жолу премьер-министр болуп калат, орун басарларына кимдерди жылдырабыз, парламентке төрага ким болот деген маселелер.

“Республика” менен “Ар-намыс” партиялары Кремлчил саясий күчтөр экендиктерин ачык айтып чыгышкан. Бирок коалиция түзүү үчүн кеминде дагы бир уткан партиянын мандаты керек болот. Бул үчүн Москва лоялдуу караган “Ата Журт” жана Социал-демократтар сүйлөшүүгө чакырды. Эгерде мына ушул партиялар биригип кете турган болсо, “Ата Мекен” партиясы кайрадан жалгыз оппозицияда калышы күтүлөт.

XS
SM
MD
LG