Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:58

"Мен айтпасам, сен айтпасаң, акыйкатты ким айтат?"


"Пресс.kg" гезитинин башкы редактору Абдувахаб Мониев, 2010-жылдын 26-марты.
"Пресс.kg" гезитинин башкы редактору Абдувахаб Мониев, 2010-жылдын 26-марты.

Журналист Абдувахаб Мониевди 15-мартта Алайдагы митингди тасмага тартып келатканда Ош-Бишкек жолунан белгисиз бирөөлөр аесуз сабап кетишкен. Кол салуудан журналисттин денеси жарат алып, башы жарылган. Мониев соңку убакта “Пресс.kg” аталыштагы жаңы гезит ачып, анда азыркы бийликти, өзгөчө президент Курманбек Бакиевди кескин сындаган макалаларды жазып жаткан. Учурда ооруканада жаткан журналист “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

Алгач коркутуу, анан кол салуу

- Абдувахаб мырза, сиз өткөн жылы да белгисиз бирөөлөр тарабынан токмоктолгон элеңиз. Анын учугу ачыла электе эле экинчи жолу кол салууга кабылдыңыз. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?

- Албетте, учурда Курманбек Бакиев башында турган бийлике оппозициялык маанайда, алардын былык-чылыктарын сындап жазган журналисттер Кыргызстанда абдан эле көп. Бирок мага болгон экинчи жолку кол салууну өзүмчө талдап көрүп, атайын “буйрутма” деген бүтүмгө келдим. Мунун учугу узакка барат. Себеби, 2005-жылкы революцияга чейин биз жаш болсок да кайсы бир деңгээлде Курманбек Бакиевдин командасында болгонбуз. Ал президент болгондон кийин мен өзүм умтулбасам деле, кокусунан облустук “Ош жаңырыгы” гезитин жетектеп калдым.

Бирок мен көпчүлүк журналисттерден, азыркы оппозициячыл саясатчылардан айырмаланып ошол кезде эле облустук гезит аркылуу Бакиевди сындап, бул туура эмес жолго түшүп алды деп дал ошол мамлекеттик гезитти оппозициялык маанайда чыгарууга жетишкем. Курманбек Бакиев президенттикке жаңыдан шайланган күндөрү “мен сөз
Авдувахаб Мониевке экинчи жолу кол салуу болду. Өзгөн.
16-март, 2010-жыл

эркиндигине кенен жол ачам ” деп убада берген. Убадасынан көп өтпөй кайра эле өзү сөз эркиндигин муунтууга аракет жасап баштаган. Биз аны жазганбыз. Биздин сынды көтөрө албай, аракетибизге бут тосо баштаганда, 2006-жылдын кычыраган кыш айында 200дөй адам нааразылык билдирип, Бакиевдин саясатына каршы Ош шаарында митинг өткөрүүгө жетишкенбиз. Митингди мен уюштурганмын.

Ал мезгилде Кыргызстанда Бакиевдин саясатына каршы бир дагы митинг боло элек болчу. Албетте, ошол окуядан кийин мен кызматтан кетип, “Ата Мекен” партиясы үчүн иштеп калдым. Парламенттик шайлоо мезгилинде мен Араван районунда иштеп жүрсөм мага “бизге өтпөйсүңбү” деп алдоо жолу менен да, коркутуу жолу менен да бийликчил адамдар кысым кыла баштады. Телефон чалып коркутканга аракет кылгандар да болду. Өздөрүнүн түшүнүгүндө мени “өзүбүздүн бала сатылып кетти”, “акмак” дегендей кабылдашкан. Азыр өзүмчө талдап көрсөм, мага болгон кол салууларга президент Бакиевдин жакын адамдарынын да тиешеси болушу мүмкүн деген ой туулуп жатат.

Чындык орносо деп тиледик эле

- Сиз 2005-жылга чейин мурдагы президент Аскар Акаевди катуу сындап жазчусуз. Эми азыркы бийликти, өзгөчө президент Курманбек Бакиевди такай сындап жатасыз. Эмне үчүн?

- Биз Акаев бийлигине каршы чыкканда максат башка болчу. Эл дагы үй-бүлөлүк бийликти жек көрүп, Кыргызстанда коррупция жоголсо, жашоо жакшырса, кыргыздар Орусия, Казакстанга тентибей өз мекенинде тиричилик өткөргөнгө шарт болсо, чындык орносо деп тилек кылган. Ошол кездеги элдин үмүтү, тилеги таптакыр башка болчу. Аны биз бийликти алмаштыруудан көргөнбүз. Бийлик алмашты. Тилеке каршы, азыркы бийлик дагы ишмердүүлүгүн баштаганда эле туура эмес жолго түштү. Аны мен убагында теледен да, гезиттен да айтып чыккам.

Эл бийлик алмашса, жашоо жакшырат деп күткөн. Ош, 21-март, 2005-жыл


- Сөз эркиндиги жөнүндө. Соңку жылдары ондогон журналисттер сабалып, ал тургай киши колдуу каза болушуп, бир катар гезиттер жабылды. Азыркы бийлик эмне үчүн төртүнчү бийлике чабуул жасоодо деп ойлойсуз?

- Бул бир гана нерсени түшүндүрөт. Азыркы бийлик чындыктан, акыйкаттыктан коркот. Кыргызстанда болуп жаткан чындыкты эл билбесе деп ойлойт. Себеби, өлкөнү чырмаган коррупция, үй-бүлөлүк башкаруу, адилетсиздик өкүм сүрүп жатканын элден жаап жашыргысы келет. Алар ойлоп жатышат, “Азаттык” баш болгон эркин маалымат каражаттарын жаап койсо эл чындыкты билбей калат деп. А эч нерседен кабарсыз элди кул сыңары башка чаап башкарса боло берет деген максатты көздөп жатышат. Бүгүн заман башка. Эгер өткөн кылымдын 50-60-жылдары болгондо Бакиев үй-бүлөсү менен чындыкты жаап, жыйырма-отуз жыл элди коркутуп башкарса болот эле. А бүгүн ааламдашуу доорунда чындыкты жаап-жашырууга мүмкүн эмес. Бир үналгыны же үркөрдөй болгон гезиттерди жаап койсок эле баары бүтөт деген чоң жаңылыштык. Эл азыр чындык кайсыл тарапта экенин, чындыкты кайдан тапса болоорун билип калды.

- Өз убагында Курманбек Бакиев оппозицияда жүргөндө сиз “Асаба” гезитинде иштеп, ал киши менен интервью жасап, жакындан билчүсүз да?

- Ал кезде Бакиев жалпы элдин маанайына карап түздөнгөн адам болчу. Көпчүлүк эл Акаевге каршы чыкса ал тарапты колдоп, силердики туура дечү. Айтор тигиге да жаман көрүнбөй, элге да жаман көрүнбөй турган позицияны карманчу.

Президент мага ачык жооп берди

- Сиздин эмки ишмердүүлүгүңүз кандай болот?

-Түрк элинин атактуу акыны Назым Хикмет “Мен айтпасам, сен айтпасаң, акыйкатты ким айтат?,-деген маңызда айткан сөзү бар. Айрыкча биз деген жигитпиз. Жигиттик ар, жигиттик намыс, жигиттик тарбия да, журналисттик милдетим да мен үчүн болгонун болгондой, чыркыраган чындыкты элге жеткирүү. Эл башкарып жаткан адамдар туура эмес саясат жүргүзүп жатса анын бетин ачуу. Журналистика - мен үчүн жөн эле үй-бүлөнү багуучу кесип эмес. Принципиалдуу тандап алган милдет. Ошон үчүн бул милдетимден мен кайтпайм. Албетте, эки жолу кол салуудан кийин этият болууга туура келет. Мен үй-бүлөмдүн да коопсуздугун ойлоп, атайын айылда кармап, шаарга алып келген эмесмин.

- Буга чейин сиз өзүңүз жетектеген “Пресс.kg” гезити аркылуу президент Курманбек Бакиевге “үй-бүлөөлүк башкаруу орноду” деп ачык кат жазып кайрылдыңыз эле. Преиздент тараптан жооп болдубу?

- Жооп болду. Кечээки мени машине менен кууп келип, таш-бараңга алып токмоктогон окуяны ачык жооп болду деп кабыл алдым. Андан башка биздин гезитке эч кандай расмий жооп болгон жок.

- Маегиңизге рахмат!

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG