Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Медиа мейкининде кандай кеп?


Убактылуу өкмөт өткөн аптанын аягында «5-канал», «Пирамида» телеканалдарына сырттан башкаруу тартибин киргизүү маселесин талкуулап, бирок чечим кабыл алынган эмес. Иштин чоо-жайын дагы бир ирет териштирүү милдети Убактылуу өкмөт башчынын орунбасары А.Бекназаровго тапшырылган.

Адилден - Максимге, эмичи?

Жеке менчик “Пирамида”, КООРТ телеканалдары 2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин К.Бакиевдин сүйгүнчүк уулу Максимдин колуна өтүп, кийинкиси 5-канал аталышында обого чыга баштаган.

Кезектеги калаймандан соң бийлик эгедерлеринин ээлигиндеги эки телеканалдын тагдыры арасат бойдон калууда. Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн аны сырттан башкаруу демилгеси кесиптештер арасында колдоо таппай, талаштуу маселе кийинкиге жылдырылды. Жаңы бийликтин аппарат башчысы Эдил Байсаловдун ырасташынча, буга кызыкдар өкмөт мүчөлөрү жок деп айтыш кыйын.

-Эми, албетте, андай кызыкчылык жок деп айтсам мен жаш баланын сөзүн айтат болушум керек. Ошондой кызыкчылык Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүндө, кээ бир иш адамдары тарабынан ошондой аракеттер, кызыкчылыктар болушу мүмкүн. Бул ишти ошол себептүү тезирээк мыйзамдаштырып, каналдар кимге тийиштүү, кимге баш иет? Кандай жол менен мына ушул журналисттик жамааттарды сактап алардын көз карандысыздыгын камсыз кылабыз? КТРди коомдук телевидение кылдык, статусун өзгөрттүк.

Жакындап келаткан парламенттик, президенттик шайлоо алдында тасирдүү маалымат каражатына антип өзгөчө камкордук жасалып жатышынын жөн-жайын Медиа өкүл Акмат Алагушев бийлик алмашкандан кийинки жагдайга байланыштырат.

- Өзгөчө жанагы сырттан башкаруунун чынын айтканда, кереги деле жок. Массалык маалымат каражаттарында иштеген журналисттерге андай сырттан башкаруунун эч зарылдыгы жок.

“Журналист” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоевдин пикиринде, эки телеканалдын айланасындагы иштер кайсы бир таасирдүү күчтөрдүн кызыкчылыгынан чыгууда.

- Убактылуу өкмөттүн бардыгынын эмес, айрымдарынын кызыкчылыгы болушу мүмкүн. Келе жаткан шайлоодо алардын кызыкчылыгына иштеген бир компания болушун каалагандар бардыр. Ошол негизде алардын үстүнөн убактылуу башкарууну киргизе турган болсо аны сөз эркиндигине карата кысым катары бааласа болот. Себеп дегенде канал ансыз деле жакшы эле иштеп жатат.

Журналисттер эмне дейт?

5-каналдын башкы продюсери Евгения Бердникова Убактылуу өкмөт бирөөнүн мүлкүн басып алууга маштарды тыйып, телеканалдын коопсуздугун камсыз кылуу максатын көздөсө алардын сырттан башкаруусуна эч кимдин кусаматчылыгы жок дейт.

- Бул жерде иштеп аткан кызматкерлер, биз үчүн мына бул иштердин баары мыйзам чегинде жүргүзүлсө жакшы болор эле. Сырттан башкаруу, андан кийинки жасалчу аракеттердин баары. Айрым бир шарттар менен, кийин каналды ачык аукциондо сатуу шарты менен, сырттан башкаруу киргизсе биз деле макул болмокпуз. Эгер ага чейин каналдын чыныгы ээси чыгып калбаса.

Мурдагы КООРТ, кийинки 5-каналдын негиздөөчүсү Темирбек Токтогазиев телеканал 1996-жылдан тарта обого чыга баштаганын маалымдады. А.Акаев менен К.Бакиев тушунда анын кантип колдон-колго өтүп кетишин Т.Токтогазиевдин өзүнөн уксак.

- 2000-жылы биринчи президенттин күйөө баласы Адил Тойгонбаев деген бар эмес беле. Ошол жигит кызыгып, алгач өзүнүн кишилерин кызматка алууну өтүнүп, каналдын ички ишин биле баштаган соң тартып алышкан. Анан 2005-жылы революция болгондо мени Башкы прокуратурага чакырып, баарын сурап, “буюрса чечилет” дешкен. Кийин канал Максимге өтүп кетиптир деген сөз болуп калды. Андан кийин 5 жыл бою Максим Бакиев иштетти да каналды.

Убактылуу өкмөт 5-канал, “Пирамида” тагдырын маселени терең иликтеп чыккандан кийин чечүүнү көздөөдө. Ал арада Убактылуу өкмөт чечими менен Улуттук телеканалды коомдук телеканалга өткөрүү иши башталды.
XS
SM
MD
LG