Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

А. Абдырасулова: Он жылдап чогулткан байлыкты жоготтук


Кыргызстандагы адам укуктарынын 2008-жылдагы жагдайы тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна белгилүү укук коргоочу, “Кылым шамы” укук борборунун башчысы Азиза Абдырасулова жооп берди.

- Быйыл адам укуктары боюнча БУУ декларациясы кабыл алынганына алтымыш жыл болду. Бул Кыргызстанда да белгиленди. Расмий жетекчилер да адам укуктарын коргоого мамлекет артыкчылык берерин баса белгилеп келатышат. Сиз үчүн адам укуктары жаатында Кыргызстан 2008-жылы эмнеси менен эсте калды?

- Тилекке каршы расмий бийлик адам укуктары Кыргызстанда жакшы корголуп атат деп айтканы менен, чындыгына келгенде адам укуктарында өтө артка чегинүү болуп атат. 2007-жылга салыштырмалуу дагы өзүбүздүн чогулткан көп байлыктарыбызды жоготтук. Ошонун негизгиси - кыргызстандыктардын сөз эркиндиги, эркин жыйындарга укугу, эркин кыймылдап жүрүүгө болгон укугу, милиция кызматкерлери тарабынан кол тийбестикке болгон укуктар. Ушулардын бардыгы чектелип атат.

Расмий бийлик тарабынан жетишкендигибиз катары өлүм жазасынын алынып салынганы айтылганы менен, ошол өлүм жазасына тартылып, бүгүнкү күндө жертөлөдө отургандардын ахыбалы өтө оор. Алар ушундай шартка караганда өлүм жазасын артыгыраак көрүп отурушат. Шайлоочулардын укуктары, шайлоо өткөрүү тартиптери артка чегинүү болгонун көрсөттү.

- Кыргызстанда адам укуктарын сактоо жаатында кыргыз бийлиги быйыл эмне жасай алды?

- 2008-жылы адам укуктарын жакшыртуу боюнча жасаган эч нерсеси эсиме келбей атат. Конкреттүү түрдө ушул ишти жасадык деп бийликтегилер айта албай атышат. Бир гана өлүм жазасын алып салдык деп кайра-кайра айтып атышат. Айтып кете турган бир гана жакшы жагы: кыйноолорго каршы факультативдик протокол кабыл алынып, Президент кол койду. Бирок ошол дагы иш жүзүнө ашырылбай келатат. Факультативдик протоколго Президент кол койгон менен, ИИМдин орун басары Темиркан Субанов укук коргоочуларды камактагыларга киргизбегиле, байкоо жүргүздүрбөгүлө деп бардыгына айтып атат. Бул - президент менен аткаруу бийлигинин бири-бирине карама-каршы иш кылып атканынын далили.

- Сиз саясий укуктарга, сөз эркиндигине байланыштуу бийликти көп сындап жүрөсүз. Социалдык укуктар бузулган жагдайлар деп кайсыларды санайсыз быйылкы жылы?

- Социалдык укуктар кайсы жакта бузулуп атат дегенге караганда кайсы тармакта бузулган жок деген суроо болсо мен ойлонмокмун. Себеби социалдык укук бузулбаган тармак жок болуп калды: пенсионерлердин ахыбалы, көп үй-бүлөлүүлөрдүн ахыбалы, энергетика маселеси, ишке болгон укук. Кайсы жерде укук бузулган жери жок? Кайсы үй-бүлөдөн бирден же экиден адам Россияга же Казакстанга кеткен жок? Бүт тармактарда социалдык укук бузулуп турат.

Ал эмес 2008-жыл бүтөөргө жакын Ноокат окуясына байланыштуу кайгылуу иш болду. 32 адам 15 жылдан 20 жылга чейин камалып кетишти. Буларды жалпы санаганда 575 жылга камалышты. Бул Кыргызстанда өтө ойлоно турган маселе. Биз башка, коңшу өлкөлөрдүн системасына кирип кетип атабыз. 10-15 жыл чогулткан байлыгыбыздын, жетишкендиктерибиздин бардыгын бир ирмемде жоготуп коюп атабыз.

Дагы бир айта турган нерсе – парламент тарабынан комитет түзүлүп атат. Ошол комитеттин кылган иши - кимдир бирөөлөрдүн, саясатчылардын, укук коргоочулардын айткан сөздөрүн, интервьюларын изилдеп көрүп, ошондо экстремисттик-террористтик маанай барбы-жокпу изилдеп көрөт экен. Бул ачык айтканда Өзбекстандан келген система. Өзбекстанда айтылган сөз үчүн жооп берет. Бизди, “Баш кесмек бар, тил кесмек жок” деп сөзүбүздү ачык айтып келген элди бүгүн ушундай ахыбалга такап атышат. Бул өтө коркунучтуу жагдай.

XS
SM
MD
LG