Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:55

Мөөнөтсүз ачкачылык акциясы башталды


Бүгүн БЭКтин курамындагы “Саясий камактагыларды коргоо” комитетинин демилгеси менен мөөнөтсүз ачкачылык акциясы башталды. Ачкачылык жарыялагандар бийликтен репрессияны токтотууну, саясий куугунтуктун негизинде камалып жаткандарды бошотууну талап кылышууда. Бул иш-чара Алайда да башталуунун алдында.

Ачкачылык акциясын тогуз киши баштады. Алардын башында БЭКтин саясий бюро мүчөсү Т. Тургуналиев, Аксакалдар кеңешинин төрагасы Дөөлөт Шадыбеков турат, калгандары Исмаил Исаковдун жакындары жана жердештери. Топчубек Тургуналиевдин айтуусунда акция мөөнөтсүз, келип тилектештигин билдирүүчүлөргө эшик ачык:

-Кимде-ким cаясий ачкачылыкка келип кошулууну кааласа, биз социал-демократиялык партиянын баш кеңсесинде отурабыз. Кайнак суудан башка наар албайбыз? эреже ушул. Күнү-түнү ушул жерден кетпей, талабыбыз орундалмайынча отурабыз.

Акциянын катышуучулары саясий репрессияны токтоосуз токтотууну талап кылып эртең президентке кайрылуу жолдошмокчу. Саясий ачкачылык жарыялагандардын бири Элмира Турганбаева бийлик оппозиция лидерлерин гана эмес, карапайым элди да куугунтукка алды деп билдирди:

Бүгүнкү күнү каран түн жалпы кыргыз элинин башына түшүп отурат.
Э. Турганбаева
-Бүгүнкү күнү каран түн жалпы кыргыз элинин башына түшүп отурат. Бул каран түн Исаковдордун, Жекшенкуловдордун, Бөлөкбаевдердин гана башында эмес. Бүгүн бийлик өзүнө каяша кылган бардык адамдардын, элдин укугун тебелеп, куугунтуктап жатат.

Ачкачылык чарасына чыккандардын ден соолугун медицина илимдеринин доктору, врач-кардиолог, “Ата мекен” партиясынын төрагасынын орун басары Ташболот Балтабаев көзөмөлгө ала турган болду.

Ачкачылык акциясы Алайда да жүрүүдө. 11-январдагы соттун чечими менен 8 жылга кесилип, генерал-лейтенанттык чининен ажыратылган И. Исаковдун жердештери Сопу-Коргон айлынын тушунда Ош-Эркечтам кан жолунун боюнча бир нече боз үй тигип, генералды камактан бошотуу талабы аткарылмайынча наар албай турган болушууда. Бул тууралуу И. Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Таалайбек Зикиров “Азаттыкка” кабарлады:

Башкаруучу партиянын өкүлдөрү И. Исаковдун жана башка оппозиция мүчөлөрүнүн камалышынан эч кандай саясат көрүүгө болбойт деген пикирлерин билдиришүүдө. ЖК депутаты Турдукан Жумабекова бүгүн башталып жаткан саясий акциялар менен маселе чечилбейт деп эсептейт:

-Биздин өлкөдө сот адилеттиги бар. Ошондуктан эгер оппозиция соттун чечимине макул болбосо, Жогорку Сот бутагына дооматын айтып кайрылууга укугу бар. Ал эми тигил-бул деп мындан саясий боек сүртүп, саясий себеп табуу абдан терс нерсе. Мындай кылууга болбойт.

Бийликке сын айтканы үчүн саясатчыларды куугунтуктоону токтотуу талабын оппозиция бир нече убактардан бери бийликке коюп келе жатат. Өткөн жылы бул боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр да жүргүзүлүп, бирок натыйжасыз калган. “Ата мекен” партиясынын төрага орун басары Дүйшөн Чотонов бийликке берилген мөөнөттөр аяктаганын белгилеп, оппозиция саясий ачкачылык жарыялоодон башка дагы аракеттерди көрөт деп эскертти.

И. Исаковдун камакка алынышына байланыштуу анын жердештери, жалпы эле саясий камакка алынгандардын боштондугун талап кылган оппозициялык кыймыл 12-январда президентке кайрылуу жолдогону айтылган. Буга карата расмий бийлик мамилесин билдире элек.


9 адам ачкачылык акциясын баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:29 0:00
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG