Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

ЕККУнун полиция кеңешчилери шайлоодон кийин келет


ЕККУнун чыр-чатактарды жөнгө салуу департаментинин башчысы Герберт Залбер жана Кыргызстандын ЕККУдагы элчиси Лидия Иманалиева.
ЕККУнун чыр-чатактарды жөнгө салуу департаментинин башчысы Герберт Залбер жана Кыргызстандын ЕККУдагы элчиси Лидия Иманалиева.

Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун чыр-чатактарды жөнгө салуу департаментинин башчысы Герберт Залбер жана эл аралык полиция кеңешчилер тобунун жетекчиси Маркус Мюллер Кыргызстанга бейрасмий иш сапары менен келишти.

Борбордук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушууда ЕККУнун эл аралык полиция кеңешчилерин жайгаштыруунун шарттары жана алардын милдеттерин тактоо боюнча маселелер каралууда.

Кыргызстандын ЕККУдагы элчиси Лидия Иманалиева эл аралык полиция кеңешчилеринин өлкөгө келиши боюнча маселени кароону парламенттик шайлоодон кийинки мөөнөткө калтыруу өтүнүчү менен аталган уюмдун Туруктуу кеңешине кайрылды.

Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар боюнча департаментинин биринчи катчысы Улан Өмүралиев кыргыз өкмөтүнүн кайрылуусу ЕККУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү тарабынан кабыл алынгандыгын белгиледи:

- Биздин мамлекеттеги азыркы кырдаалды эске алып, ЕККУнун Туруктуу кеңешине мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү түшүнүү менен биздин кайрылууну кабыл алышты. Биз буга өз ыраазычылыгыбызды билдирдик. Бирок Туруктуу кеңештин мүчөлөрү парламенттик шайлоо өткөндөн кийин сөзсүз түрдө бул маселеге кайрадан кайрылып келүү зарылдыгына басым жасашты. Мына ошондуктан ЕККУнун атайын өкүлдөрү бул жакка келип, атайын сүйлөшүүлөрдү башташты.

Ошто ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүүгө каршы акция, 11-август, 2010-жыл
Буга чейин ЕККУнун эл аралык полиция кеңешчилер тобунун киргизилишине карата айрым коомчулук өкүлдөрүнүн каршылыгынан улам эки тараптуу меморандумга өз учурунда кол коюлбай калган. Ошондон улам ЕККУнун эл аралык полиция кеңешчилер тобунун жетекчиси Маркус Мюллер жана чыр-чатактарды жөнгө салуу департаментинин башчысы Герберт Залбер 6-сентябрда президент Роза Отунбаева менен ички жана тышкы иштер министрлердин катышуусунда бейрасмий шартта жолугушту.

ЕККУнун Бишкектеги борборунун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Бурул Усманалиева жолугушууда полиция кеңешчилерин киргизүүнүн мөөнөтүн жана шарттарын тактоо маселелери талкууга алынгандыгына токтолду:

- Ушул эки-үч күндүн ичинде келген өкүлдөр бул жактагы ар түрдүү деңгээлдеги кызмат адамдары менен жолугушуп жатышат. Негизинен ал жолугушууларда эл аралык полиция кеңешчилер тобун жайгаштыруунун маселелери көтөрүлүп жатат. Алар качан келиши керек, кандай шартта жана кайсыл жерлерге жайгаштырылышы зарыл деген сыяктуу суроолордун үстүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Полиция кеңешчилеринин мандаттары кандайча өзгөртүлүшү мүмкүн деген маселе да ошонун ичинде каралууда.

Шарттар айтылды, сунуштар талкууланды

Буга чейин эл аралык полиция кеңешчилеринин тобунун Кыргызстанга киргизилишин шарттаган эки тараптуу меморандумдун долбоору даярдалган. Анын талаптары боюнча Кыргызстандын өкмөтү ЕККУнун эл аралык полиция тобунун ишмердүүлүгү мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген учурда макулдашууну бир тараптуу токтотуу укугун өзүнө алган.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бул Кыргызстан үчүн абдан ыңгайлуу шарт деп эсептейт:

- Венадагы бир нече мамлекеттин өкүлдөрүнүн катышуусундагы ЕККУнун Туруктуу кеңешинин негизинде гана маселе каралып жатат. Буга чейин долбоору даярдалган меморандумда эл аралык полиция кеңешчилеринин ишин Кыргызстандын өкмөтү бир жактуу негизде токтотуп коюу укугу киргизилди. Муну менен биз каалаган учурда эгерде алардын иши натыйжа бербей жатат деп эсептесек полиция кеңешчилерин чыгарып коюуга укугубуз болуп жатат. Көпчүлүк макулдашууларда мындай талаптар каралбайт. Бул биз үчүн эң бир ыңгайлуу шарттардан болуп саналат.

Буга чейин Кыргызстандын өкмөтү менен ЕККУнун Туруктуу кеңешинин ортосунда эл аралык полиция кеңешчилеринин мандаты боюнча кошумча сунуштар талкууга алынган.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бул сунуштарга жергиликтүү укук коргоо органдарын үзгүлтүксүз окутууну уюштуруу жагы камтылгандыгын кошумчалады.

- ЕККУнун эксперттери менен биздин тартип коргоо органдарынын кызматкерлерин Бишкекте окутуу маселесин тереңдетип кароо боюнча пикир алмашуулар болуп жатат. Полиция кеңешчилери менен тажрыйба алмашуу багытында курстарды уюштуруу жагы да каралат. Бирок алардын күч органдарынын ишмердүүлүгүнө байкоо салуу милдетин алып салууга туура эмес. Анда бул жакка эл аралык полиция кеңешчилеринин тобунун келишинин мааниси жок болуп калат.

ЕККУнун өкүлдөрү Маркус Мюллер жана Герберт Залбер 7-сентябрь күнү Ошко барып, андагы жергиликтүү бийлик башчылары, укук коргоо органдарынын жана коопсуздук кызматынын жетекчилери менен бейрасмий жолугушту. Анда эл аралык полиция кеңешчилер тобун киргизүүнүн зарылдыгы боюнча жагдайлар каралып, талкууга алынды. ЕККУнун өкүлдөрү мындагы жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча жакында атайын маалымат берүүнү убада кылышты.

XS
SM
MD
LG