Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:52

Элдик курултай президенттикке эки талапкер көрсөттү


III Элдик курултайдын делегаттары Бириккен элдик кыймыл президенттикке сунуштаган Алмазбек Атамбаев менен Исмаил Исаковдун талапкерлигин колдошту. Жыйында таза шайлоо өтүшү үчүн абройлуу аксакалдардан турган көзөмөлдөөчү комиссия түзүү боюнча да чечим кабыл алынды.

БЭК уюштурган III элдик курултайда Курманбек Бакиев башында турган азыркы бийлик катуу сынга алынды. Анда үй-бүлөлүк башкарууга жол берилип, коррупция гүлдөп өскөндүгү, мыйзамсыздык өкүм сүрүп, шайлоолор одоно бурмаланып өткөрүлүп келатканы айтылды. Азыркы бийликти кетирип, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн, демократиялуу өлкө деген аброюн, кен байлыктарын саттырбай, жерлерди сактап калуу жана системаны өзгөртүү керектиги белгиленди.

Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынан келишкен делегаттар жер-жерлердеги элдин көйгөйү күндөн-күнгө көбөйүп, жакырчылык каптап, карапайым калктын укугу тебеленип жатканын, мындан ары чыдоого мүмкүн эместигине токтолушту.

БЭКтин президенттикке көрсөткөн талапкерлеринен адилеттүү, накта эл бийлигин орнотууга, жашоо-турмуш жакшырарына үмүттөнүп, ишеним артышарын билдиришти.

БЭКтин атынан сөз сүйлөгөн “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев буларга токтолду:

-Эл алдында берген убадасын Курманбек Бакиев аткарбагандыктан, бүгүн эл ага нааразы болушуп өз позициясын ачык айтып жатышат. Биз койгон талаптар, үмүтүбүз аткарылган жок. Ошондуктан “бул бийликти алмаштырууга мезгил келди” деп, чечкиндүүлүктү билдирип, бул жерге өз пикирин айтканы келип отурушат.

Текебаев ошондой эле БЭК Алмазбек Атамбаевдин талапкерлигин бирдиктүү талапкер деп тандап алышканын, экинчи талапкерликке Революциялык кыймылдын атынан мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду тандашканын, бириккенде гана жеңишке жетише тургандыктарын кошумчалады. Ал жаңы саясий система, жаңы экономикалык-социалдык концепцияны ар бир үй-бүлөгө, ар бир шайлоочуга жакын арада жеткиришерин да убада кылды.

БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров болсо БЭКтин негизги максаты азыркы бийлик менен айоосуз күрөшүп, 2005-жылдагы 24-марттагы ыңкылаптын экинчи этабын ишке ашырып, нукура элдик бийликти орнотуу керектигин айтты.

- Президент бүгүн балдарын, инилерин гана угуп калды. Бирок кыргыз эли эч качан бир үй-бүлөгө баш ийип калган эмес. Бийлик элге кызмат кыла турган заманды алып келебиз. Накта элдик бийликти орнотобуз.

Бекназаров жакын арада БЭК нааразылык саясий акцияларын баштап, бийликти оодаруу аракетин көрүшөрүн, ал үчүн жалпы элдин колдоосу керектигин билдирди.

Курултайды уюштуруу боюнча штабдын башчысы Болот Шерниязов БЭКтин атынан президенттикке талапкерлер Алмазбек Атамбаев менен Исмаил Исаковдун атын жарыялады. Бул эки талапкерге курултайдын катышуучулары бир добуштан макул болушту.

Эл баатырлары Сүйүнбай Эралиев менен Сооронбай Жусуев президенттикке талапкерлерге, курултайдын уюштуруучуларына бата беришип, өлкөдө тынччылык тилеп, элди биримдүүлүккө, ынтымакка үндөшүп, БЭКтин баштаган иштерине ийгилик каалашты.

Курултай соңунда алдыдагы президенттик шайлоону таза өткөрүү үчүн эл кадырлаган аксакалдардан турган көзөмлдөөчү комиссия түзүү чечими да кабыл алды.

Алмазбек Атамбев өз сөзүндө өлкөнү туңгуюукка алып барууга жеке эле бийлик эмес, анын айланасындагы кошоматчылар дагы күнөөлүү экендигин баса белгилеп, шайлоодо элдин добушун уурдап бурмалагандар жоопко тартылышы керектигин эскертти. Ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери элди коркутуп-үркүткөнүн, куугунтугун токтотпосо, эки-үч айдан кийин мыйзам алдында жооп берип калышарын эстерине салды.

Атамбаев бала-бакыранын, жаш муундардын келечеги үчүн, Кыргызстанды өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошууга бардык күч аракетин жумшап, өлкөнү сактап калуу үчүн жанын дагы аябастыгын айтты.

- Көк асмандын алдында, мына мөңгүлүү тоолордун алдында, элимдин алдында, кудайдын алдында күнү-түнү эл үчүн иштеп берем. Эч качан элимди алдабайм. Эч качан элимди сатпайм. Жашасын элим, Кыргызстан. Убада берем.

Эл алдында ант берип жатып Атамбаев эгерде президенттик шайлоодо жеңишке жетишип калса президенттин ыйгарым укуктарын токтоосуз кыскартаарын айтып, президент эл үчүн күнү-түнү иштеп, журт үчүн жанын дагы бериш керектигин белгиледи.

Бийликчил айрым саясатчылар болсо БЭКтин ар кандай саясий акцияларды өткөрүүсүнө негиз жоктугун, К.Бакиев бийликке келгенден бери экономикалык өсүштөр болуп, ГЭСтер курулуп жатканын айтышты. Алардын баамында, президенттикке татыктуу талапкер мыйзамдын чегинде президенттик шайлоого катышкандан кийин, канчалык элдин ишенимге ээ болоорун шайлоочулардын берген добушу көрсөтөт.

БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бегматовдун айтымында, БЭК президенттикке талапкер көрсөтө ала тургандай юридикалык субъект эмес, ошондуктан кыймыл көрсөткөн талапкерди БШК каттоого албайт, Шайлоо кодексинде талапкерлерди саясий партиялар жана жаран өзүн-өзү көрсөтүүгө укуктуу деп жазылган.

Ошондуктан БЭК көрсөткөн талапкер Алмазбек Атамбаев өзүн-өзү көрсөтүп, же саясий партиянын атынан талапкер боло алат. БЭК сунуштаган экинчи талапкер Исмаил Исаков талапкерликке өзүн-өзү көрсөтүп БШКга арыз берген. “Президенттик шайлоо мыйзамдын чегинде өтүп, БШК шайлоону бурмалоого жол бербейт”, - дейт Бегматов.

Үчүнчү Элдик курултайга республиканын ар бир дубанынан алтымыштан делегат чакырылып, өз каалоолору менен келишкендер дагы көп болду. Ар бир облуска, штабга жана өнөрпоздорго жалпы жонунан 19 боз үй тигилип, курултайдын аягында конок каадасы кылып келген адамдарга сый тамак берилди. Белгилүү ырчылар, куудулдар өнөрлөрүн тартуулап, улуттук Көк бөрү оюну уюштурулду.

БЭКтин айтымында, курултайга он миңден ашуун адам, байкоочулардын баамында 6-7 миңге чукул, эл аралык уюмдардын эсеби боюнча төрт миңдей адам катышты.
Элдик курултай Чүйдүн Арашан айылында өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:28 0:00

XS
SM
MD
LG