Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:43

БЭК президенттик жарышта Алмазбек Атамбаевди сүрөйт


Оппозиция өз талапкери - Социал-демократтар партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаевди президенттикке татыктуу деп эсептейт. Азыркы президентти дагы бир мөөнөткө шайлоону сунуш кылып жаткан “Ак жол” партиясынын мүчөлөрү болсо Курманбек Бакиевге баштаган иштерин аягына чыгарууга мүмкүнчүлүк берүү керектигин белгилешүүдө.

Оппозициялык бир нече саясий партиялардын, коомдук-саясий кыймылдардын башын бириктирген элдик кыймыл быйыл 23-июлда боло турган президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер алып чыгарын шайлоо күнү жарыяланган учурда эле билдирген.

Кыймылдын уюштуруу штабынын жетекчиси Азимбек Бекназаров бириккен оппозиция бир топ сүйлөшүү-кеңешүүлөрдү жүргүзүүдөн кийин өздөрүнүн арасынан келечектеги президенттикке Алмазбек Атамбаевди ылайык деп тапкандыгын 20-апрелдеги маалымат жыйынында билдирди:

- Биздин кыймылдын негизги максатын сиздер да жакшы билесиздер: үй-бүлөлүк башкаруу системасын сындыруу. Талапкер тандоодо биз мына ушуга басым жасадык. Кайсы талапкердин канчалык мүмкүнчүлүгү, жөндөмү бар үй-бүлөлүк башкаруу системасын кулатууга? Биздин максатты ишке ашырууга канчалык туруктуулугу бар, биздин талаптарды көтөрө алабы, мына ушулардын баары тууралуу катуу сөз болуп, ар тараптан карап, жыйынтыгында бир добуштан Алмазбек Атамбаевди талапкер кылып тандап алдык.

Азимбек Бекназаровдун бекемдегени боюнча бириккен оппозицияда президенттикке бирдиктүү талапкер тандоодо ич ара талаш-тартыштар болгон жок.

Алмазбек Атамбаевдин талапкерлиги 25-апрелде Арашан айылында өтөрү белгиленип жаткан Элдик курултайда расмий жарыяланат. Мына ошондон кийин талапкер журналисттерге кеңири маалымат жыйынын бермекчи. Атамбаевдин айтуусунда, ал өзү президенттикке барууну каалагандардын катарында эмес болчу, бирок жалпы оппозициялык кыймыл минтип чечкен соң, бул чечимге макул болгон.

БЭК мүчөлөрүнүн айтымында, Алмазбек Атамбаев оппозиция үчүн даяр талапкер. Анткени аны Кыргызстандын эли бардык тарабынан билет. Ал саясатчы, ишкер, мамлекеттик кызматкер катары өзүн тааныткан. Ошондуктан, президенттик шайлоого берилген кыска мөөнөт ичинде оппозиция жаңы бир адамды алып чыгып, талапкер катары элге таанытууга убакыт коротууну да туура көргөн жери жок, дешет алар.

“Ата Мекен” социалисттик партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев мындай төгөрөгү төп келген саясатчылардан оппозициянын уучу кур эмес, бирок ийгиликке жетишке жалаң эле элге жагуу жетишсиз, деп эсептейт:

- Биз бардык тарабын карадык. Элди, элитаны, ишкер чөйрөнү, саясатчыларды бүгүнкүдөй күнү бириктирип кетүүгө жөндөмү, мүмкүнчүлүгү көбүрөөк Алмазбек Атамбаев деп таптык.

Оппозициянын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев 2007-жылкы апрель митингдеринин алдында “Реформа үчүн” кыймылы сунуштап, президент Бакиев түзүүгө макул болгон коалициялык өкмөттү жетектеген жана бул кызматта сегиз ай ашыгыраак иштеген.

“Ак жол” партиясынын мүчөсү, ЖК депутаты Бактыбек Төрөбаевдин “Азаттыкка” айткан пикири боюнча, Атамбаев өзүнүн башкаруучулук деңгээли төмөн экендигин өкмөт башчы болуп иштеп турган учурда элге көрсөткөн, ошондуктан, ал кыргыз элинен колдоо таба албасы турган иш:

- Атамбаевдин премьер-министр болуп иштегенде эч кандай иш бүтүрбөгөнүн эл жакшы билет. Эч кандай натыйжага жетишкен эмес. Өзүн алгач бир иши менен далилдеп, көрсөтсө анда бир жөн эле. Элдин Атамбаевге нааразылыгы күч. Андан көрө азыркы президент Курманбек Бакиевге баштаган иштерин аягына чыгаруусуна мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Мына Камбар-Ата-1-2 ГЭСтеринин курулушу аягына чыгарылышы керек. Иштеп жаткан кишиге көптөп, ар тараптан жардам берүүнүн ордуна, туш тараптан асылууну оппозиция токтото турса жакшы болмок.

Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы болуп турган учурда мамлекеттик бюджетке киреше белгиленген өлчөмдөн көп топтолуп, профициттүү бюджет түзүлгөн. Мындай ийгиликке өкмөт башчы болуп турган учурда бийликтеги, өкмөттөгү коррупцияны азайтуу менен жеткем, деп белгилейт оппозиция талапкери:

- Мен сегиз айда профициттүү бюджет түзүүгө жетиштим. Мен кызматтан кеткенда бюджеттен тышкаркы эсептерде, бюджеттин өзүндө 10 млрд. сомдон ашуун каражат бар болчу. Анткени мен бийликтеги уурулукту аз да болсо азайтканмын.

Эгерде мамлекет башындагылар, алардын айлана-чөйрөсүндөгүлөр азыраак уурдаса, анда алардын иштеп деле кереги жок болчу. Өкмөттүн өзүндө абдан жакшы программалар бар, бирок алардын бири да иштебейт, анткени бардыгы чөнтөгүн толтуруу менен гана алек.

Мен кантип өлкөнү тартипке салууну жана кантип экономиканы көтөрүүнү жакшы билем.


Бириккен оппозиция бүгүн бир ооздон азыркы үй-бүлөлүк башкаруу системасын кулатуу, келечекте Кыргызстанда нагыз демократиялык өлкө курууну, эл үчүн иштеген бийликке жетишүүнү максат кылып, бир жакадан баш чыгарышканын билдиришти.

Көпчүлүктүн эсинде, 2004-жылы азыркы президент Курманбек Бакиев башында турган ошол туштагы оппозициялык Кыргызстан элдик кыймылынын да максаты ушундай болчу. Бирок март ыңкылабы ишке ашкан соң, тоталитардык бийликке каршы күрөшкөн команда чачырап, анын көпчүлүк мүчөсү бүгүн кайра оппозицияда.

Эгер шайлоодо БЭКтин талапкери жеңишке жетишип калса, кайра мындай кайталанбайт деп ким кепилдик бере алат, деген “Азаттыктын” суроосуна талапкерликке белсенген Алмазбек Атамбаев төмөнкүчө жооп берди:

- Мага бул кызмат деле кереги жок. Эгер мага кызмат керек болсо кечээ, бүгүн бир кызмат алмакмын бул бийликтен. Мага Кыргызстандын келечеги керек. Мен Кыргызстандын кайра артка кетип, Кокон хандыгынын тушундагыдай деңгээлге түшүүсүн, менин балдарым ошондой мамлекетте жашоосун каалабайм.

Оппозиция президенттик шайлоодо жеңишке жетишерине көзү жетип тургансыйт.

Маалымат жыйынында айтылган сөздөргө караганда, Кыргызстандын келечегин ойлогон атуулдар бүгүнкү бийликке каршы турууга тийиш. Эгер шайлоодо оппозиция утулуп кала турган болсо, анда бул - элдин утулушу болот, деп кыймылдын мүчөлөрүнүн бири, депутат, мурдагы элчи, профессор Бакыт Бешимов “Азаттыкка” мындайча билдирди:

- Бул жолу жөн гана президенттик шайлоо болбойт. Бул жолу чоң тандоо болот.

Коррупцияга баткан, адилеттикти четке каккан, караңгы бийлик менен мындан ары да жашай беребиз же бир келечекке ишеничти тандайбыз.

Ошондуктан, бүгүн биз жөн эле Атамбаевди же Бакиевди эмес, өзүбүздүн келечекти, өзүбүздүн заманыбызды, жолубузду тандайбыз.

Эгер бул шайлоодо, бул тандоодо оппозиция утулса, анда элдин утулганы.

23-июлда президенттик шайлоо болору 19-мартта расмий жарыяланган.

Буга чейин кыймылдын мүчөсү, “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын баш катчысы, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков президенттикке талапкер кылып өзүн көрсөтүп, БШКнын каттоосунан өткөн.

Учурда жер-жерлерде анын талапкерлигин колдоо боюнча иш-чаралар болууда.

Алмаз Атамбаев президенттикке талапкер болот
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:42 0:00


Тасма: Алмазбек Атамбаев президенттикке талапкер болмокчу

Бириккен Элдик Кыймылдын жетекчилери 20-апрелдеги маалымат жыйынында бирдиктүү оппозициядан президенттикке Социал-демократиялык партиянын лидери, мурдагы өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөнүн жарыялады. БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров мындай чечимди БЭК 15-апрелде эле кабыл алганын айтты.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG