Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:04

Д. Ошурахунова: Жарандык коомду коркутуу күч алууда


Бейөкмөт уюмдар бийлик үчүн күрөшпөйт. Алардын максаты жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, алардын ой-пикирин бийлик башындагыларга жеткирүү болуп саналат. Бул жөнүндө “Демократия жана атуулдук коом үчүн” өкмөттүк эмес уюмдардын коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова "Азаттыктагы" маегинде баса белгиледи.

-Динара айым, парламенттин комитети өкмөттүк эмес уюмдарды саясатка аралаштырбоону көздөгөн мыйзам долбоорун артка кайтарды. Долбоорго карата пикириңиз?

-Ал багы эски эле долбоор. Биздин мырза Масалиевдин долбоору бир жыл мурун алып чыгып, ал бизди саясий турмушка аралашпасын деп ушундай долбоорду коюп атабыз деген себеп менен чыгарган. Бирок силер билесиңер, биз бүт НПОнун баары чогулуп, атайын форум жүргүзгөнбүз, эл аралык уюмдар да кайрылган парламентке. Андан тышкары секретариат дагы өзүнүн кайрылуусун чыгарып, биздин Кыргызстанда мындай долбоор чыгарганга болбойт, анткени бул Конституцияга ылайык эмес деп айтышкан.

Ошондон кийин баары токтоп калган. Бирок биз азыр көрүп атабыз, саясий турмуш бизде дагы аябай күчөп атат, анан журналисттерди куугунтуктоо, коркутуулар болуп, оппоненттерди дагы ушинтип коркутуп түрмөгө отургузуп атат. Анан бир эле жарандык коом калып калды. Бийлик ошону үчүн жарандык коомду коркутабыз дегендей мамиле жасап атат болуш керек.

-Долбоордун автору, өкмөттүк эмес уюмдардын активисттери саясат менен алектенгиси келсе, анда партия түзүш керек, башка саясий партиялардай теңдикте күрөш жүргүзүш керек деген пикирде. Буга жообуңуз?

-Биринчиден, биз саясий партия эмеспиз. Ошондуктан биз бей өкмөт уюмдар бийлик үчүн күрөшпөйбүз. Ошон үчүн бизди бул максатка аралаштырбаш керек. Биздин максатыбыз башкача.

Экинчиден, Кыргызстанда эгерде электр энергиянын баасы өсүп атканын карасак, бизде таза сууну эл аралык уюмдар келип жер-жерлерге өткөрүп атса, ар бир адам, ар бир жаран өзүнүн пикирин айтканга, бийликке жеткиргенге укуктуу. Ошон үчүн жарандык коомдун, биздин бейөкмөт уюмдардын максаты көбүнчө жарандардын үнүн бийликке жеткирүү болуп саналат. Эгерде жолдош Масалиев өзүнүн саясий партиясы менен аралаштырса бул туура эмес.

-Динара айым, Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдар мурунку президент убагында активдүүдөй сезилчү. Азыркы мезгилдеги менен ошол кездеги өкмөттүк эмес уюмдардын айырмасы тууралуу пикириңиз?

- Азыр бир карасак чындыгында бейөкмөт уюмдардын активдүүлүгү азайды. Буга эмне себеп? Биринчиден, бейөкмөттүк уюмдар көбүнчө эл аралык уюмдардын колдоосу менен иштейт. Азыр дүйнө жүзүндө кризис болуп атат, ошого байланыштуу эл аралык уюмдар өзүлөрүнүн долбоорлорунда акчаны азайтып атат. Экинчиден, биздин эл аралык уюмдар жер-жерлердеги бейөкмөт уюмдарга аз көз салып калдык.

Үчүнчүдөн, бизде азыр маалымат жетишпейт. Биз мурун теледе, радиого көп чыкчубуз. Азыр ар жерде бизге бут тосуулар болуп атат, ал эмес сайттарга биздин кайрылууларды, маалыматтарыбызды аз чыгарып атат. Ошол себептүү бейөкмөт уюмдар аз иштеп калды деген маалымат чыгып атат. Бирок ошонун ичинде көбүнчө бейөкмөт уюмдар өзү жөнүндө аз маалымат берип калды. Анткени коркуп да калышты.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG