Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:49

К. Байболов: Биздикиндей жагдайда Пугачев чыгат


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубатбек Байболов жакында Бириккен оппозициянын катарында меморандумга кол койду. Оппозицияда жүргөн белдүү саясий ишмер “Азаттыкка” берген маегинде саясатка кайтар-кайтпасы али белгисиз экенин билдирди.

- Кубатбек мырза, сиз Бириккен оппозициянын катарында Меморандумга кол койдуңуз...


- Биздин саясий жолдо мындай документтердин далайына кол койбодук беле. Бул документке өзгөчө деле ишеним артыш кыйын. Бирок кыймылдаган жолду арбытат да. Бул жолду өткөнбүз деп эле тырайып жатып алганда да болбойт. Бул элге болгон моралдык-саясий ишара да.

- Меморандумда мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүү деген маселе туруп атат. Оппозиция системаны кантип өзгөртөт?

- Мен андай аки-чүкүсүн эмес, саясий демилгесин колдодум. Биринчи кезекте саясий системаны өзгөртүү бийликтин колунан келмек. Бирок тилекке каршы андай болгон жок. Оппозициянын түздөн-түз өзгөртүп ийүүгө, албетте, рычагдары жок. Дүйнөдөгү бир дагы оппозициянын андай механизмдери жок. Бул оппозициянын системаны өзгөртүү боюнча элге карата ишарасы, талабы, ою. Канчалык деңгээлде ошол ой-талап колдоого алынып, өзгөрүп кетет, аны турмуш көрсөтөт. Эгерде биз кылчайып, соңку жаңы тарыхыбызга карай турган болсок, анчейин деле ишеним арта тургандай болбой калды. Элдин калың катмары саясий документтерди окугандан тажап калган кези. Мурда да айттым эле, бизде саясат деген дээрлик жок болгон нерсе.

Менден көбүнчө сурашат, саясаттан эмнеге кеттиңиз деп. Мен болгон нерсе менен алектенгенди жакшы көрөм. Анан жок нерсе менен, өзүңүздөргө окшогон журналисттерге бир аптада бир бирдеме деп коюп, анан саясатта жүрөм деп элди да, өзүмдү да алдагандай кудуретим жок менин.

- Сиздин бүгүн меморандумга кол койгон жерде көрүнүшүңүздү саясатка кайтып келүү катары санаса болобу?

- Эми мен жана башкалар буга чейин системаны өзгөртөбүз деп айтып келген чоң саясий демилге көтөрүлүп атканда саясатта жок элем деп кол койбой койгон туура эмес болмок. Саясий системаны өзгөртөлү деген демилгечилердин катарында элем. Ал эми саясатка кайтамбы, кайтпаймбы – азырынча белгисиз. Саясат болсо катышканга даяр элем. Кана саясат? Саясаттын туу чокусу, кылда башы – бул шайлоо. Шайлоо деген жок. Ал эми өнөктөштөрдү алсак, менимче сөз көп, ырк жок. Башыбызды кошуп бириктирдик дегендердин эң кеминде 10-15 президент болсом дейт. Ал жагдайда күнүлөштөрдүн бир үйдө жашаганындай эле болбосо, толук ынтымак жок. Андай болгондо натыйжа да ошондой болот да.

- Оппозициянын дагы бир тобу ыңкылап жасоо максатын алдыга коюуда...

- Революция болуш үчүн эң биринчи талап, революционерлер болушу керек. Адатта болуп келгендей азиялык төңкөрүш, көтөрүлүш болуп кетиши толук ыктымал. Күйүүчү материал кыйла даяр болуп калды. Тарыхта биздикиндей жагдай болгондо сөзсүз түрдө Пугачев пайда болот. Мына ушундай эң коркунучтуу жагдайды бийлик азырынча назарына салбай жатканы өтө өкүнүчтүү. Ошол бунттан кийин мамлекеттин, элдин тагдыры өтө кейиштүү ахыбалга келиши мүмкүн.

- Бунт жакындап калды деп атасыз. Обьективдүү, субьективдүү себептерди сиз эмнеден көрүп атасыз?

Обьективдүү себеби – эл итке минип, жакырчылыктын чегине жетип, үшүп-шишип, катуу жабыр тартып турат. Субьективдүү себеби бийлик ошол жагдайды жөндөй албай жатат. Бул жерде дагы бир жагдай, ошол жагдайды пайдалана турган күч болуш керек. Ал жок.

XS
SM
MD
LG