Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

АКШ базасы Кыргызстанда калабы?


Борбор Азиядагы коопсуздук маселеси жана Кыргызстандын тышкы саясаты тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна коомдук-саясий ишмер Шамшыбек Медетбеков жооп берди.

- Пакистанда, Ооганстанда жагдай курчуп турган бүгүнкү шартта Ооганстандын президенти Хамид Карзай Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев менен жолугушууга ынтызар болуп кат жиберген экен. Жолугушуу Екатеринбургдагы Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинин алкагында келерки аптада өтөт деп болжолдонуп жатат. Сиз бул жолугушуудан эмнени күтүп жатасыз?

- Коңшулаш Ооганстан мамлекетинин прзиденти атайын дипломатиялык каналдар менен жолугалы деп суранганы бекеринен эмес. Анда “Манас” аба майданында жайгашкан терроризмге каршы күрөшүү боюнча коалициялык күчтөрдүн Кыргызстанда калышы боюнча маселе көтөрүлүшү мүмкүн. Себеби кийинки убактагы Пакистан, Ооганстандагы кырдаалдын оорлошу ага негиз берет. Биздеги АКШ базасы – терроризмге каршы күрөшүү боюнча атайын келген база болуп эсептелет да. Азыркы күндө кыргыз тараптын чечимине ылайык, бул база өлкөдөн чыгуу абалында турат. Себеби белгиленген мөөнөттөгү 6 ай август айына туш келип, ушул аралыкта алар чыгып кетиши керек. Карзайдын биздин президент менен жолугушусунун эң биринчи себеби ушул маселе болот го деп ойлойм.

- Сиз белгилегендей, база 18-августта чыгып кетет деп күтүлүп жатат. Ушул чечимден кыргыз президенти кайтышы мүмкүнбү? Эгерде кайта турган болсо бул кандай жагдайды түзүшү мүмкүн эл аралык деңгээлде Кыргызстандын аброюн эске алганда?

- Биздин президентибиз дайыма айтып жүрөт, эгерде Кыргызстандын кызыкчылыгы болсо мен баарына барам деп. Бул базанын калышы Кыргызстан үчүн көп тармактуу жакшы жагдай түзүшү мүмкүн. Биринчиден, коңшулаш мамлекеттер Ооганстан, Пакистандагы абалдын татаалданышы Кыргызстанга дагы таасирин тийгизиши мүмкүн. Себеби ММКлар тарабынан дагы өткөн жумада маалымат чыгып кетти, Баткен тарапка кырктан ашык согушкер келатат деп. Мына ушуга окшогон эл аралык терроризмге каршы күрөшүүдө дагы бул базанын абдан чоң өзүнүн орду болот эле. Кыргызстандын коопсуздугу үчүн бир топ жардамдар болмок. Экинчиси, Кыргызстан дагы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун да мүчөсү, ШКУнун да мүчөсү, ошолордун максаты бир болуп атат бүгүнкү күндө. Эгерде карама-каршы келе турган болсо, анда Кыргызстан ушул маселеге чекит коюп, чыксын десе туура болмок. Бирок жанагы үч уюмдун максаттары бир болгондуктан бул тарабы да бар. Үчүнчүдөн, экономикалык аспекте дагы карашыбыз керек база маселесин. Себеби базанын кетишинин эң биринчи себеби бизге төлөгөн төлөмдөрү абдан аз санда деп өкмөтүбүз чечим чыгарган. Бул маселени көтөрүп, биз азыркы күндө керек болсо тышкы карыздардын көп маселесин чечкенге дагы мүмкүнчүлүк түзүп алат элек да, эгерде экономикалык аспекте карасак. Анан эң негизги эле маселе - биздин коопсуздугубуз.

- Түркиянын президенти Абдулла Гүл келип кетишинен соң, Ооганстандын президентинин кат жолдоп атышынан кийин база калат деген кептер айрыкча көбүрөөк айтыла баштады, Кыргызстан ушундай чечим кабыл алат деген. Сиз кандай дейсиз, Кыргызстан кандай чечим кабыл алышы мүмкүн?

Бул база Кыргызстанда жайгашуусу менен көптөгөн старатегиялык планга кирип калды да, ошол эле космос менен байланыштуу, ошол эле Ооганстанга жана бөлөк көп маселелерге байланыштуу. Ушунча туруп калган базанын бизде калып калганы эле жакыш болот эле.

- Маегиңизге рахмат.


АКШ базасы: Сын жана жүйөө
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG