Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:05

“Генералды каралоо токтотулсун!”


Генералдын жердештери буга чейин да бир канча жолу мындай нааразылык чараларын өткөрүшкөн
Генералдын жердештери буга чейин да бир канча жолу мындай нааразылык чараларын өткөрүшкөн

Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун Бишкектеги соту айыпталуучу ооруп калгандыгына байланыштуу 11-январга жылдырылды. Бул күнү генералдын кичи мекени – Алайда анын тилектештери бийликке нааразылык билдирип чыкты.

Алай райондук мамлекеттик акимчилигинин алдына чогулган элүүгө чукул адам бийликке карата төмөнкүдөй талаптарын билдиришти.

- Исмаил Исаковду эмнеге камаганы жатышат? Коргоо министрлигин оңдоп койгону үчүнбү? Чоңдор ушунун ачыгын айтышпайбы?!

- Жалгыз генералыңарды каматсаңар кайсыл бетиңер менен басып жүрөсүңөр? Таза уулубузду коррупционерлерге чокутпайбыз! Биз андайга жол бербейбиз!

- Акталсын!

- Кашык канабыз калганча чындык үчүн күрөшөбүз!

Эл кайрылууларга жооп болбогонуна нааразы

2005-жылкы март ыңкылабынын катышуучусу Марипат Усманалиева өкмөтчүл массалык маалымат каражаттарында мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду каралоо өнөктүгү күчөгөндүгүн белгилеп, бийликтен мындай аракеттерди токтотууну талап кылды:

- ЭлТРге, УТРКга же 5-каналга барсак, бизди сүйлөтүшпөйт. Анткени, бийликтен коркушат. Мен билгенден экс-министр абдан таза киши. Эгерде ушул адам жеп-ичсе, атасынын Сопу-Коргондогу жепирейген тамын эки кабат кылып тикелеп, заңгыратып койбойт беле. Коррупцияга аралашпагындыгы үчүн төшүнө орден тагып, сыйлаштын ордуна “сенин жайың түрмөдө” дешкени туура эмес!

Ал эми аксакал Ороз Мусаев жердештери Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысына карата куугунтуктоону тыюуну өтүнүп президенттин наамына бир нече ирет кайрылуу жолдошкондугун, бирок Курманбек Бакиев алардын бирине да үн катпаганына эл нааразы экендигин билдирди:
Коррупцияга аралашпаганы үчүн сыйлаштын ордуна "сенин ордуң түрмөдө" деш туура эмес.

- Канча ирет кайрылдык. Ак үйдөн эч кандай жооп болбогондугу бизди абдан өкүндүрөт. Исаковду жаза тайып абакка кесип ийишсе, аксакал катары айтып коеюн, бүгүн анча-мынча гана өкүлдөр топтолду, эл карап турбайт, анык толкуйт. Анда тыя албай каласыңар!

Кепти улаган ардагер Айтпай Жээналиев азыркы Бакиев режиминен түңүлгөндүгүн туюндуруп, соттун өкүмүн күтпөстөн баш ийбөө акциясын баштоону жана ушундай жол менен генерал Исаковду сактап калууну сунуш этти:

- Генералды эл ээрчип кетет деп чочулап атышат. Мына, бир жылга чукул же соттой алышпайт, же актаганга жарабай чайналып турушат. Бул – накта саясий куугунтук! Исаковдун калк арасында мартабасы артып, лидер болушу кимдир бирөөлөргө жакпай жатат өңдөнөт. Ошондуктан бийлик аны эптеп жаманатты кылып, саясий аренадан сүрүү аракетинде.

Мафиянын адалдыкка каршы күрөшүбү?
Бир кезде Курманбек Бакиев менен оппозицияда чогуу жүргөндөр бүт кызматтан кол жуушту.

Ара чолодо сөзгө кошулган .Амантай Парпиевдин оюнча, Исаковдун камалышына өлкөдөгү айрым күчтөр кызыкдар, ошондуктан, аларга мамлекет жетекчисинин тили өтүшү кыйын:

- Өлкөнү мафия башкарып калды. Бир кезде Курманбек Бакиев менен оппозицияда чогуу жүргөндөр бүт кызматынан кол жууп, жок кылынды. Президенттин акылы болсо, али деле кеч эмес, ошол үзөңгүлөштөрүн кайра пайдаланыш керек. Менимче, алардын токсон пайызы таза инсандар. Алар менен ийиндеше иштешсе, мафияны да секин ооздуктап, коррупцияны азайтууга шарт жаралмак.

Райакимчиликтин алдында эки саатка созулган акциянын катышуучуларына аймактын башчысы Алмазбек Осмонов жолугуп, митингичилерди мыйзам чегинде аракеттенүүгө үндөдү.

- Сиздердин кайрылууңуздарды тиешелүү жетекчилерге жеткиргенбиз. Ал эми Исаковдун тагдыры мындай чечилет, же андай болот деп мен айта албайм. Баарына сот чекит коет. Биз бүгүнкүдөй чогулуп дүрбөлөң кылган менен иш жеңилдеп же оорлошуп кетпейт, - деди райондун акими Алмазбек Осмонов.

Анткени менен митингичилер 11-январда райборбор Гүлчөгө кайра чогулаарын, бул сапар алайлыктардын саны арбын болоорун, андан ары митинг, жөө жүрүш, ачкачылык уюштуруп, Ош - Эркеч-Там - Кытай автожолун жабышаарын эскертти.

Бириккен элдик кыймылдын мүчөсү Исмаил Исаковго байланышкан соттук териштирүү ушул жылдын март айында башталган. Мурдагы коргоо министри кызматынан кыянат пайдаланып аскердик техникаларды мыйзамсыз саткан, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланган деп айыпталууда. Мамлекеттик айыптоочу 30-нобярдагы сотто Исмаил Исаковду аскердик чининен ажыратып, үй-мүлкүн консфикациялоону, ошондой эле генералды сегиз жыл эркинен ажыратуууну суранган эле.

Тасмада: И.Исаковдун тагдырына коомчулук кабатыр

И.Исаковдун тагдырына коомчулук кабатыр
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:16 0:00

XS
SM
MD
LG