Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:58

Интерпол Бакиевдерди эмнеге кармабай жатат?


Мурдагы президентти кармап, жоопко тартууну талап кылган митинг, Бишкек, 12-май.
Мурдагы президентти кармап, жоопко тартууну талап кылган митинг, Бишкек, 12-май.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевге жана ага жакын кишилерге байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин 80 пайызы иликтенип бүткөнүн Убактылуу өкмөт жетекчисисинин орун басары Азимбек Бекназров бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

Ал ошондой эле 7-апрелден кийин өлкөдөн чыгып кеткен Бакиевдерди кармоого Убактылуу өкмөттүн чамасы жетпей жатканын моюнга алды

Убактылуу өкмөт жетекчисинин сот, прокуратура тармагын тейлеген орун басары Азимбек Бекназаров учурдагы эң негизги маселе - референдумду өткөрүү экенин белгиледи:

- Референдумга бут тосуп, өткөрбөйбүз деген да күчтөр болуп атат. Биз укуктук талаага келбесек болбойт. Конституция бирөөгө жагабы, жакпайбы - бул экинчи маселе. Көп жерден “биз расмий, укуктук талаадагы бийлик болсо кызматташабыз” деген жооп болуп жатат.

А.Бекназаров К.Бакиевге жана ага жакын кишилерге байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин 80 пайызы иликтенип бүткөндүгүн маалымдады. Ал ушул тапта 7-апрелде Ак үйдүн чатыранан элге ок аткан 15 көзгө атардын Улуттук коопсуздук кызматынын абагында кармалып турганын айтып, иликтөө иштерине байланыштуу мындан башка маалымат берүүдөн баш тартты.

Ошондой эле А.Бекназаров Бакиевдерди кармоого Убактылуу өкмөттүн чамасы жетпей жатканын моюнга алды:

- Биздин да башыбызды оорутуп жаткан маселе ушул болуп атат. Ушул убакка чейин Бакиевдерден бирөөнү да кармай албай жатабыз. Интерпол да, биз да кармай албай жатабыз. Акыркы күндөрү Курманбек Бакиевдин Түркияда экени айтылып, көргөндөр деле болуп атат. Бирок кармай албай жатабыз, муну моюнга алабыз. Бирок кармаганга аракет кылып жатабыз. Айрымдарына сырттан өкүм чыгарганга аракет кылышыбыз мүмкүн, мисалы Жаныш Бакиевге. Анткени күнөөлөрү 100% далилденип атат. Кылмыш-процессуалдык кодексте аны сырттан соттоого мүмкүнчүлүк бар.

Бакиевдердин жана башка издөөдө жүргөн адамдардын алигүнчө кармалбай жатышын А.Бекназаров убактылуу бийликтин мыйзам таласына толук түшө элеги менен байланыштырды. Ал Аксы окуясы боюнча маалымат адвокаттардан топтолуп, анын негизинде соттологон милициянын капитаны Жапаралы Камчыбеков Жогорку сот тарабынан акталганын кошумчалады.

А.Бекназаровдун айтымында, Кыргызстандагы кен байлыктар, ошол эле Кумтөр, Макмал, Жер-Үй боюнча өкмөттүк деңгээлде түзүлгөн комиссия иликтейт.

Бакиевдердин кармалбай жатышы боюнча коомчулукта ар кыл пикирлер арбын. Маселен саясат талдоочу Токтогул Какчекеев муну убактылуу көрүнүш деп баалайт:

- Убактылуу өкмөт да ушул маселени чечкенге аракет кылып жатат. Бирок биз чек аранын ары жагынан карап жаткан жокпуз да. Мына биздин мамлекетибиз бүгүнкү күндө өзүнчө бир консервацияда турат. Ошондуктан бүгүнкү күндө Убактылуу өкмөттүн талабы, өтүнүчү өтпөй атат. Интерпол да Кыргызстанга көзүн сүзүп, терс караган жери жок. К.Бакиев Кыргызстанда канчалык “итчилик” кылбасын чет мамлекетте ал эл шайлаган президент болуп эсептелет. Ошондуктан бул бийлик мыйзамдашкандан кийин чечилчү эле маселе.

Ал эми Азимбек Бекназаров апрелден кийин өлкөгө келип жаткан гранттар ыраатуу жана натыйжалуу пайдалынарын белгиледи. Анын айтымында, гранттан келген каражат жол, канал жана экономиканы көтөрүүгө жумшалмакчы. Анын негизинде Баткенде Өзбекстандын Сох анклавына кирбей өтүүчү айлампа жол курулат.

Апрелден соң Кыргызстанга алгачкылардан болуп Орусия 20 млн. доллар грант бөлгөн. Андан сырткары Түркия 21 млн. доллар бөлөрүн, айрым эл аралык банктар да каржы жагынан жардам берүүгө убада кылган.

Деген менен айрым экономисттер грант маселесинде Убактылуу өкмөт ачык болбой жатат деп сындашууда. Маселен экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акененеев мындай пикирде:

- Кандай натыйжалуу пайдаланылып жатканы боюнча так анализ жок. Келген гранттар бюджеттен пайдаланчу тармактарга жумшалып, бюджеттеги акчадан уурдаганга абдан чоң жол ачып жатабыз. Ошондуктан сөзсүз түрдө анализдеш керек, - деген ойдо.

Ал эми Азимбек Бекназаров Убактылуу өкмөттө иштеп жаткан саясатчылар шайлоого барарда кызматын сөзсүз ташташы керектигин белгиледи. Өзү мурдарак Бириккен элдик кыймылдын базасында шайлоого катышаарын айткан эле. Бул маселе БЭКтин жакында боло турган жыйында каралып, чечилмекчи.

XS
SM
MD
LG