Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:09

Жалал-Абад тынч эмес


К.Бакиевди жактагандардын митинги, Жалал-Абад, 2010-жылдын 8-апрели.
К.Бакиевди жактагандардын митинги, Жалал-Абад, 2010-жылдын 8-апрели.

Жалал-Абад облусунда абал курч бойдон калууда. 17-апрелде түштөн кийин К. Бакиевдин жактоочулары облбийликтин имаратын ээлеп алышып, кечинде кайра чыгып кетишти. Бул күнү облустук телекомпаниянын имаратын да басып алууга аракет жасалды.

Облбийликтин короосуна ишембиде түштөн кийин кирген К. Бакиевдин жактоочулары мурунку бийликти калыбына келтирүүнү талап кылышты. Губернатордун милдетин аткаруучу Бектур Асанов жана башка облбийликтин кызматкерлери аларга теңелбей иш орундарын таштап, имараттан чыгып кетишти. Облбийликти ээлегендердин өкүлү Базарбай Кадыркулов мурдагы президентти дагыле элдин көбү жактайт деген пикирде.

Облустагы “Ата Мекен” жана Социал-демократиялык партиялардын өкүлдөрү К. Бакиевдин жактагандар анын кызматтан кетүү арызын таңазарга албай жатканын белгилешет.

7- апрелден 15- апрелге дейре губернаторлук милдетти аткарган Асан Шакиров Курманбек Бакиевдин жактоочулары менен тынымсыз сүйлөшүп, аларды өз өкүлдөрүн күзөтчүлөргө кошуп калтырып, өздөрүн облбийликтен чыгып кетүүгө көндүрдү. А. Шакировдун айтымында жергиликтүү бийликти ээлеп алуу туура эмес жана көнүмүш адатка айланды.

Бир эле учурда Жалал-Абад телекомпаниясына кирип барган аялдар окуяларды бир жактуу чагылдырып жатасыңар деп, түз эфирге чыгаруу талабын коюшту. Коомчулуктун өкүлдөрү мамлекеттик телеканалдар К. Бакиевдин тушунда бир тараптуу болгондугун белгилешүүдө.

Ички иштер министринин милдетин аткруучу Болот Шерниязовду анын сакчылары митингге топтолгон калың топтун арасынан сууруп чыгып, автоунаасына олтургузушту. Автоунаа Барпы атындагы театрдын аянтынан жылганда белгисиз адамдар ыргыткан желим бөтөлкөлөр менен таш-кесек “ Жип” автоунааларынын каптал жана арткы айнектерин тешип өттү.

Ага дейре нааразылык акциясына чыккан облустун тартип сакчыларынын суроолоруна жооп берген министрдин милдетин аткаруучуну облустук бийликтин маңдайында митинг өткөрүп жаткан мурдагы коргоо министри Бакыт Калыевди жактаган он чакты аял курчап алган болчу. Милициянын өкүлдөрү М. Конгантиевдин министрлик, Т. Дегенбаевдин облустук ички иштер башкармасынын жетекчилигине кайрадан келишин талап кылышып, Болот Шерниязов менен ИИБинин башчылыгына жаңы дайындалган К. Ботобаевди каалабай турганын билдиришип, кыйкырып турушту.

Тартип сакчылары убактылуу өкмөткө 19 талап койду. Алардын арасында айлык акыны 25 миң сомго көтөрүү, керексиз кызмат орундарын жоюу өтүнүчү бар. Алар аткарылбаса 1-майда иш таштоо чечимине келишти. Улуу лейтенант Сыргак Калимбетов Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы кызматтан алынганына нааразы болду. Ал милиция башчысына тажрыйбалуу жана адис кызматкерлерди дайындоону сунуштады.

Министрдин милдетин аткаруучу Болот Шерниязов кызматкерлеринин кайрылуусуна үч күндүн ичинде жооп айтаарын, мындан ары милиция саясатка аралашпай турганын, ички иштер тармагынын муктаждыктары үчүн казынадан 40 миллион сом каражат бөлүнгөнүн билдирди.

Мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиевдин каякта экени тууралуу болсо эч кандай маалымат жок.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG