Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Р.Дырылдаев: «К.Бакиев А.Акаевдин колунда чоңойгон киши, ага пара берген»


Эгемендик жылдары Кыргызстан эки ирет күч менен бийлик алмаштырууну башынан кечирди. А.Акаевдин жолун жолдогон К.Бакиевдин башкаруусунун аягы кырчын өмүрлөрдүн кыйылышына алып келди. Көпчүлүктүн көңүлүнө көк таштай тийген бийлик алмашуусунун күңгөй-тескейлери тууралуу белгилүү коомдук ишмер Рамазан Дырылдаев ой жүгүртөт.

- Рамазан мырза, окуялар кандай өнүгүп жатканын көрүп атасыз. Жаңы бийликтин иши туура башталдыбы?

Рамазан Дырылдаев: - Туура башталды. 2005-жылкы жаңылыштыктарды кетирбеш үчүн революциялык чечимдерди кабыл алып, утурумдук өкмөт түзүп, баарын бир калыпка келтирип, анан укуктук талаага түшөбүз дегени абдан туура. Себеби 2005-жылы укуктук талаага түшөбүз деп элдин кызыкчылыгы унутта калып, өздөрүнүн кызыкчылыгына гана иштеп калышкан. К.Бакиевдин туура эмес жолго түшүп калганы а кездеги Конституциялык сот төрайымы Ч.Баекованын аракети менен болуп калган. Ошентип революцияны өздөрүнүн кызыкчылыгына буруп кетишкен.

- 7-апрелдеги окуяларды демократия аракети катары бааласак болобу?

Рамазан Дырылдаев: - Бул окуялар кыргыз эркиндикти, демократияны сүйгөн эл экенин дүйнө алдында таанытты. Мурунку Советтер Союзундагы элдердин бир да бирөөндө эки ирет революция болгон жок. К.Бакиев менен көптөн бери күрөшүп келатам. Ал бийликке келгенде А.Акаевдин айланасындагы кээ бир кишилер ага кошулуп кеткен. Кемчилик эмнеден кетти? 1990-жылы да, 2005-жылы да оппозиция бийликти алып, элди таратып, өздөрү барып отуруп алышты. Эл тарабай бийликке көзөмөл кылып отуруп алганда К.Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруусу орномок эмес.

- Сиздин К.Бакиев бийлигине каршы чыгып калышыңызга эмне себеп болду?

Рамазан Дырылдаев: - Апрелде 2005-жылы филармонияда чоң жыйын болгондо мен К.Бакиев эч качан демократ боло албасын, А.Акаевдин колунда чоңойгон, ага пара бергенин айткам. Пара берген, шайлоону бурмалаган, анан кантип эле ошондой киши демократ болуп калат? Анын жүрөгүндө демократиялык ой жок. Бийликке келип алып өз ишин кылат деп айткам. Жеп-ичкен режимден чыккан киши, аң сезиминде эч качан демократиялык ой болгон эмес. Анан да жаныбыздагы бийликтен кетпей жаткан режимдерди көрүп бул да “өзүм кетсем уулум башкарат” деп, ушундай иштерге барып отурбайбы. Элди атып-коркутуп, Анжиян сыяктуу атып, коркутуп койсом эч ким чыкпайт деп ойлогон. Анжиянда кыргын салган И.Каримов деле бийликте отурганын өзү деле айткан.

- Рамазан мырза, азыркы бийликтин демилгеси өлкөнү парламенттик республикага өткөрүүгө багытталган. Экономикасы тежемел өлкөлөр үчүн саясий күчтөрдүн талаш-тартышы оорчулукка турат. Андан республика дагы кыйын ахывалга капталып калбайбы?

Рамазан Дырылдаев: - Парламенттик республиканын деле жакшы жактары бар. Жакшы Конституция кабыл алып, аны эч ким которо албай тургандай болушу керек. Дүйнөнүн көбүн деле президенттер башкарып атпайбы. Анан шайлоонун туура механизмин түзүш керек. Ошон үчүн кеп биздин тандообузда. Туура эмес шайлап койсок коррупцияланган парламент, президент деле келип алышы мүмкүн. Конституцияны эч ким өзгөртө албай тургандай кылыш керек. Мына, Венесуэлада Уго Чавес аны өзгөртүү аракетин жасады. Түркияда Т.Эрдоган да ошондой аракет кылып жатат. Эки революция жасаган эл бийлик колунда экенин түшүндү. Бийлик жакпаса 5 жылга чейин чыдабай 1 жылда деле алып салышы мүмкүн. Муну бийликке келген де киши ойлонот болуш керек. А.Акаевди 15 жылда айдады. К.Бакиевди 5 жылда айдады. Кийинкисин керек болсо 1 жылда, жарым жылда айдап иет.

- Ушу тапта 1993-жылкы Конституцияны калыбына келтирүү демилгеси айтылууда. Аны кайтаруунун зарылдыгы барбы?

Рамазан Дырылдаев: - Менимче, жок. Ал убагында мыкты Конституция болчу. Парламентте коммунисттер болгону менен, демократияны түшүнгөн кишилер аз болгону менен, а кезде А.Акаев бузула элек болчу. Жакшы Конституция кабыл алынып калган. Бирок бүгүн шарт өзгөрүлдү. Аны А.Акаев 5 жолу өзгөртүп бузуп салды. Бүгүн башка Конституция кабыл алыш керек. Ал АКШнын Башмыйзамындай 200 жыл бузулбай иштегидей болсун.

- Рамазан мырза, сизге чоң ырахмат!

XS
SM
MD
LG